Бишкекте экс-депутат Нурлан Мотуевди сабап, тоноп кетишти

18-сентябрда саат 12:30 чамасында Бишкек шаарында белгисиз кишилер экс-депутат Нурлан Мотуевди сабап кетишти. Бул маалыматты «Клоопко» Свердлов райондук милициясынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя шаардын Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучу аны «эч себепсиз» сабап кеткен кишилерге чара көрүүнү өтүнүп милицияга арыз менен кайрылган.

Мотуев арызда кол салгандар анын «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун жана 32 миң сомун тоноп, из жашырып кеткенин жазган.

Сүрөт: Kaktus.media

Свердлов РИИБи бул окуя милицияга катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын билдирди. Ошондой эле Мотуевге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Нурлан Мотуев деген ким?

Нурлан Мотуев — билими боюнча филолог жана дипломат. Ал 2005-жылы март айындагы революциядан кийин Нарын облусундагы көмүр тилкелерин басып алган учурдагы чуулу акцияларынын арты менен белгилүү болгон. Анда ал көмүр тилкелери «элдин менчиги» деп билдирген.

Мотуев аларды бир нече ай көзөмөлдөп жатып алгандан кийин 2006-жылы кармалып, арадан жарым жылдан кийин кылмыштуу аракеттердин 14 эпизоду, анын ичинде баасы 32 млн сомдон ашык көмүрдү уурдоо боюнча айыпталган.

Ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулгандан кийин 2009-жылы Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлигин коюп, 21 724 добуш алган. Мындан тышкары ал 2014-жылы өлкөнүн акыйкатчысы кызматына да талапкерлигин койгон.

Мындан тышкары, ал 2021-жылы өткөн кезексиз президенттик шайлоого да катышууну пландап, ал тургай БШКга документтерин тапшырган. Бирок комиссия соттуулугу жоюла электигинен документтерин кайра кайтарып берген.

Ошондой эле Мотуев «Азамат Компани» компаниясынын директору, «Кыргызстындын Элдик-патриоттук кыймылынын» төрагасы жана «Чыныгы мусулмандар союзунун» башчысы болгон. Ал «Көмүр падышасы» деген каймана ат менен да белгилүү.

Тема боюнча:

«Көмүр падышасы» атыккан Нурлан Мотуевдин жаза мөөнөтү бир жылга кыскартылды