Нарын: Баткенде каза болгон аскер Жаныбековдун сөөгү Оттук айылында жерге берилди

Баткенде чек арадагы чыккан жаңжалда каза болгон жоокер Нурсултан Жаныбековдун сөөгү өзү туулуп өскөн Нарын районунун Оттук айылында жерге берилди. Бул тууралуу 18-сентябрда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери, улук лейтенант Нурсултан Жаныбеков 16-сентябрда Баткендеги куралдуу кагылышууда каза болгон.

Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына облустук бийлик, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, айылдаштары жана маркумдун жакын санаалаштары катышты.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Теңир-Тоонун төрт тургуну каза болгонун айтып, алардын жакындарына көңүл айтты.

«Нурсултан эр жеткенден баштап чек арада кызмат кылды. Кыргыздын бир чарчы метр жерин душмандарга тебелетпей, мекен алдындагы ыйык милдетин аткарып жатып мекен чегинде окко учту. Күлгүндөй курагында шейит болгон эр-азаматтарыбызга кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз сыздап турат. [...] Алардын жасаган эрдиги жана жаркын элеси кыргыз элинин, теңир-тоолуктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калат», — деди ал.

Нурсултан Жаныбеков

27 жаштагы Нурсултан Жаныбеков Нарын районунун Оттук айылында туулган. Ал 2011-жылы Нарын шаарындагы №7 Сыдыков атындагы орто мектебинде 9-класска чейин окуп, Агрардык-экономикалык колледжге тапшырган.

Жаныбеков 2014-жылы Ош облусундагы №92843 аскер бөлүгүнө мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган. Бир жылдан кийин аскердик мөөнөтү аяктап, ошол эле жылы Чек ара кызматынын №2025 аскердик бөлүгүнө жумушка кирген.

Ал үстүбүздөгү жылдын 23-мартында №2054 аскер бөлүгүнүн «Бөрү» аскерлер отрядынын улук чалгынчы жана улук аткычы кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн жиберилген.

Нурсултан Жаныбеков мекенине кылган кызматы үчүн президенттин атайын сыйлыгы менен сыйланган.

УКМКнын Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 18-сентябрга караган түн тынч өткөнүн билдирген. Бирок саат 08:30га карата чек аранын Баткен облусундагы жана Оштун Чоң-Алай районундагы тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин саат 10:00 карата маалыматына ылайык, чек арадагы атышуунун кесепетинен 36 киши каза болду.

Ал эми чек-арадагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен Баткен облусунан жалпы 136 миң 770 адам коопсуз аймакка эвакуацияланган.

Мындан тышкары дагы 5301 киши Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан коопсуз жайга чыгып кетти.