Баткен: Чек арадагы куралдуу жаңжалдын кесептинен 8 мектеп, 1 бала бакча талкаланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен Баткен районунда сегиз мектеп жана бир бала бакча талкаланды. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Баткен району менен Баткен шаарындагы мектептерде, ошондой эле Лейлек районундагы чек арага чектеш айылдардагы 26 мектеп жана 30 бала бакчада окуу процесси токтоп турат.

«Терезелери, чатырлары, дубалдары атышуунун кесепетинен жабыркаган. Ал мектептерде окуу процессин баштоо мүмкүн эмес. Ошондой эле мугалимдерибиз да жабыркап, дарыланышууда», — деди ал.

Жусупбекова Лейлек районундагы 40 мектеп жана 23 бала бакчада 19-сентябрдан тартып окуу процессин башталганын белгиледи. Ошондой эле Кадамжай районуну жана Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында дагы билим берүү процесси жолго коюлду.

«Кадамжай району жана Сүлүктү шаарындага мектеп, бала бакчаларга жана кесиптик лицейлерге эвакуацияланган эл жайгаштырылган. Балдарына китеп окуп берип, ата-апаларыбызга, эже-агайларыбызга шарттарын түзүп, тамак ашын берип жатканбыз. Психологдор жардам берди», — деди министрин орун басары.

Жусупбекованын айтымында, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы беш мектеп жана алты бала бакчада тургундардын коопсуз жайга кеткенине байланыштуу окуу процесси токтотулду.

Куралдуу жаңжалдын кесепеттери

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган куралдуу жаңжалдан каза тапкан кыргызстандыктардын саны учурда 59га жетти.

Ал эми жарадар болгондордун саны 19-сентябрга карата 163 кишини түздү.

Кыргыз бийлиги бул окуяны агрессия жана Тажикстан тараптан кол салуу деп атады. Ал эми тажик тарап өз кезегинде Кыргызстанды «жаңжалды эскалациялоого жана куралдуу агрессияга» айыптап жатат.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, Баткен облусунун кооптуу аймактарынан 136 миңден ашык адам, ал эми Ош облусунан 5 301 киши эвакуацияланды.

Кыргызстанда 19-сентябрь — улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.