Эки жыл мурда куткарылган Жаабарс аттуу ак илбирс өлдү

«Бугу Эне» реабилитациялык борборундагы Жаабарс аттуу ак илбирс өлдү. Фонддун өзүнөн «Клооптун» кабарчысына ак илбирс мындан бир жарым ай мурда өлгөнүн айтышты.

«Колубуздан келгенин кылсак да бизге оор болуп жатат. Башында да ал аз эле жашайт деген божомол беришкен. Бирок кандайдыр-бир керемет менен анын жашаган убактын узарта алдык», — деп билдиришти фонддон.

«Бугу Энеден» Жаабарс октун коргошунуна ууланып өлдү деп түшүндүрүштү. 2020-жылы мергенчилер ак илбирсти чачма ок менен жарадар кылышкан. Чачма октун бир бөлүгү операция жолу менен алынган, ал эми башкасы жаныбардын денесинде калып калган.

«Препараттар бир аз жардам берди, бирок оор металлдардын тузун толук зыянсыздандырууга мүмкүн болгон жок. Биз колубуздан келгенин кылдык жана ак илбирстин жүрөгү дээрлик 2,5 жылдык күрөшкө туруштук берди», — айтылат фонддун билдирүүсүндө.

Дагы окуңуз: Жарадар болгон ак илбирс реабилитациялык борборго которулду. Ал таптакыр көрбөй калды