Жарадар болгон ак илбирс реабилитациялык борборго которулду. Ал таптакыр көрбөй калды

Ак илбирс Новопокровка айлындагы «Бугу эне» коомдук фондунун реабилитациялык борборуна которулду. Жаныбар көзүнөн жарадар болгону үчүн мындан ары жапайы жаратылышта жашай албайт.

Реабилиция борборунан билдиришкендей, кичинекей ак илбирске бир көзүнүн көрүүсүн калыбына келтирүүгө аракет кылышууда. Врачтар анын эки көзү тең ордунда экенин түшүндүрүп беришти.

«Ал 100, алтургай 200 пайызга жаратылышта жашай албайт. Экинчи көзү таптакыр көрбөйт, бирок биз бир аз да болсо көрө башташы үчүн болгон аркетти жасайбыз», — деди «Бугу эне» фондунун башчысы Салтанат Сеитова.

Милиция илбирске мыйзамсыз аң уулоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага жакындан туруп тике ок атышкан болушу мүмкүн.

Ал Бишкектин клиникасына Таластан көзү жана тумшугу жарадар болгон абалда алынып келинген. Рентген ак илбирстин башында 60тан ашуун чачма ок бар экенин көрсөткөн.

Дарыгерлер биринчи операцияны өткөрүп, жаныбардын өмүрүнө коркунуч туудурган 18 бытыраны алып чыгышкан.

Врачтардын айтымында, жаныбарга экинчи операцияны жүргүзүү боюнча маселе бар экенин айтышты. Азырынча ак илбирс сормо препараттарды жана витаминдерди ичип жатат.

Жаныбар абдан жаш — ветеринарлардын айтымында, ал эки жашта. Эгер анын абалы оңолуп кетсе, жаныбар Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Бугу эне» зоопаркына которулат.

Ветеринарлар ага Жаабарс деген ат коюшкан

БУЛ МААЛЫМАТКА КОШУМЧА ТӨМӨНКҮ ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ ДА ОКУҢУЗ: