Бозгун президент Аскар Акаев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Кайрылуунун тексттин «Акипресс» жарыялады. Аскар Акаев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууну «тажик тарап атайы даярдаган агрессия» деп атады.
«Тажикстан таңуулаган куралдуу жаңжал, чек арада күтүүсүз башталган чыр эмес. Бул куралдуу кол салуу — алдын-ала даярдалган, дыкат пландалган агрессиялык актынын жыйынтыгы», — деп эсептейт Акаев.
Анын пикиринде, тажик тарап Самаркандда өткөн ШКУ саммитин утурлай куралдуу кол салуу менен, чек ара чырын күч менен чечүү процессин мыйзамдаштыргысы келет. Ошондой эле, танк, тик учак, реактивдүү залп атуучу оор техника менен бастырып кирүү Тажикстандын башкы кол башчысы, президент Эмомали Рахмондун уруксаты жок ишке ашпайт болчу деп эсептейт.
«Кыргызстандын аймагына жүзү каралык менен бастырып кирип, жарандык инфраструктураны — мектептерди, медпункттарды, бала-бакчалар, турак үйлөрдү, көпүрөлөрдү, сугат каналдарын талкалоо менен, жергиликтүү тургундарды байырлаган аймагынан сүрүп чыгаруу максатын көздөйт», — деп баса белгиледи Акаев.
Аны менен бирге, 25 жыл мурда Тажикстандагы жарандык согушту токтотуу келишимине Рахмон менен оппозициялык кыймылдын лидерлери Бишкекте кол койгонун эске салды.
«Ал [Эмомали Рахмон] Кыргызстан менен чек арадагы талаштарын тынчтык жолу менен, дипломатиялык сүйлөшүүлөр арылуу, эл аралык ченемдерди сактоо менен чечсе болмок. Бирок ал башка — келечеги жок жолду тандады.[...] Акыйкаттык биз тарапта, жеңиш да биздики болот», — деп сөзүн жыйынтыктады Акаев.
Мурдагы президент чек арада шейит кеткен жоокерлерди эскерип, тууган-уругуна көңүл айтуу менен бирге, жалпы кыргыз элин биримдикке үндөдү.
Аскар Акаев жана чек ара
Кыргызстандын биринчи качкын президенти Аскар Акаевдин тушунда дагы чек ара маселесине байланыштуу чыр чыккан. 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылынын тургундары кыргыз жеринин бир бөлүгү Кытайга өтүп кетишине каршы митингге чыгышкан.
Укук коргоо органдары нааразычылык акциясына чыккандарга каршы курал колдонуп, алты адам каза болгон.
Аксылыктардын жердеши, ошондогу парламент депутаты Азимбек Бекназаровдун бийлик тарабынан камакка алынышы толкундоолордун негизги себеби болгон. Ал убакта Бекназаров Акаевди өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө Кытай менен болгон келишим үчүн сынга алган.
Саясатчы Кыргызстан Үзөңгү-Кууш* капчыгайындагы жерди Кытайга өткөрүп бере албайт деп, Акаевге импичмент жарыялоону сунуштаган.
*Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, чек араны тактоо алкагында Үзөңгү-Кууш капчыгайынын 30%ы Кытайга өтүп, 70%ы Кыргызстанда калган. 2002-жылы келишим ратификацияланган.
Ал учурда документ Кыргызстанда терс кабыл алынып, эл Кытайга жер берүүгө каршы чыккан. Себеби кыргызстандыктар Үзөнгү-Куушту эзелтен бери өз жери деп эсептеп келишкен.
Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек аранын узундугу 1 071,8 километрди түзөт. Делимитация боюнча сүйлөшүүлөр 2004-жылы аяктаган. Үзөңгү-Кууш капчыгайы Ысык-Көл облусунун 2800 гектардан ашуун тоолуу аймагын ээлейт. Ал аймакта айдоо жерлери жок, бирок аймак малчылар жайыт катары пайдаланышат.
Акаев болсо 2021-жылы Үзөнгү-Куушту кытайларга сатканы тууралуу айыптоолорду кезектеги жолу четке каккан.
«Аксы окуясы. Бул трагедия мен башкарып турган мезгилде болгону жүрөгүмдү өйүйт. [...] Ал үчүн мен кыргыз элинен кечирим сурагам жана дайыма сурайм», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.
Акаев 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылы Орусияга качып, азыркы тапта Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Татаал системаларды математикалык изилдөө институтунда башкы илимий кызматкер болуп иштейт.
Бийлик алмашкандан кийин, 16 жылдан кийин Акаев Кыргызстанга учуп келген. 2021-жылы августта ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Акаевдин келиши коомдук резонанс жараткан. Айрым саясатчылар ал өлкөнү башкарган 15 жылдын ичинде жасаган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.
Чек арадагы куралдуу жаңжал
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Ал эми тажик тарап эскалацияга Кыргызстанды айыптоодо.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 19-сентябрга карата маалыматтарга ылайык, 59 киши курман болуп, 160тан ашык адам жабыркаганын кабарлады.
Кыргызстандын ӨКМден Баткен облусунун бир нече айылдарынан 130 миңден ашуун адам эвакуацияланганын, ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунан 5301 киши коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдиришкен. Баткен облусуна 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.
Тажикстандын ТИМдин алдын ала маалыматтарына ылайык, тажик тараптан 41 адам каза болуп, эң аз дегенде 28 киши жабыркаган.