Экс-депутат Нурлан Мотуевди сабап, тоноп кеткен шектүүлөрдүн бири кармалды

Экс-депутат Нурлан Мотуевди сабап, тоноп кеткен шектүүлөрдүн бири кармалды. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин «Клоопко» ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, тергөө учурунда шектүү Мотуевди алты жылдан бери тааный тургандыгын жана экөөнүн ортосундагы келишпестиктен улам, өч алуу максатында бул ишке барганын айткан. Шектүү буга чейин соттолгон.

«Ал Нурлан Мотуев менен 2016-жылы Кызыл-Аскердеги №32 отурукташ колониясынан таанышкандыгы белгилүү болду. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө кармалган шектүү менен Мотуевдин ортосунда келишпестик пайда болуп, андан өч алуу максатында эки тааныш баласы менен келип сабап кеткени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Басма сөз кызматтан учурда Мотуевди сабоого катыштыгы бар дагы эки шектүүнү аныктоо жана кармоо иш-аракеттери жүрүп жатканын белгилешти.

Үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрда саат 12:30 чамасында Бишкек шаарында үч киши Нурлан Мотуевди сабап кеткен.

Маалыматка ылайык, окуя шаардын Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучу аны «эч себепсиз» сабап, барсеткасын анын ичинде телефонун, 32 миң сомун жана документтерин тартып алган кишилерге чара көрүүнү өтүнүп милицияга арыз менен кайрылган.

Свердлов РИИБи бул окуя боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындаган.

Тема боюнча:

Бишкекте экс-депутат Нурлан Мотуевди сабап, тоноп кетишти

«Көмүр падышасы» атыккан Нурлан Мотуевдин жаза мөөнөтү бир жылга кыскартылды