Next TVнын директору Дүйшенбиев 5 жылга соттолуп, пробация менен сот залында бошотулду

Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшенбиев «улуттар аралык кастыкты козутуу» боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 21-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда сот телеканалдын директоруна үч жылдык пробациялык көзөмөл салып, аны сот залынан бошотту.

Дүйшенбиев өзүнө козголгон кылмыш ишин «саясий заказ» деп эсептейт. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, үй-бүлөсү менен чогуу убакыт өткөргөндөн кийин Next TV телеканалында иштөөгө ниети бар экенин билдирди.

«Кичинекей кызым отурат. Башынан эле апасы “сотко келбей эле койсун” деген. Андан көрө көнсүн. Азыр баары-бир жаштар интернеттен көрөт, окуйт. Окуп алып стресс болбосун деп жети айдан бери келип жүрөт. Андан сырткары, баардык ММКларга жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем! Дайыма бири-бириңерди колдогула. Эгер мыйзамсыз камалып атса четте турбай баарыбыз колдойлу», — деди ал.

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Биринчи май райондук сотунда Дүйшенбиевдин иши боюнча тараптардын жарыш сөзү өткөн. Анда

мамлекеттик айыптоочулар Дүйшенбиевди 7 жылга эркинен ажыратууну суранышкан.

Анда прокурор айыпталуучунун күнөөсү кылмыш иштин материалдары, экспертизанын корутундулары жана эксперттердин көрсөтмөлөрү менен далилденди деп билдирген.

Дүйшенбиевге козголгон кылмыш иши

Next TV телеканалынын директору УКМКнын кызматкерлери тарабынан 3-мартта кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишим жетишилди деген жалган маалымат тараткан».

Кеп «Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысы А. Мусаев Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти деп айтты» деген аталыштагы материалы тууралуу болууда.

Материал телеканалдын социалдык тармактардагы барактарына жарыяланган. Бирок журналисттер маалымат булагы катары Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин жазгандарына таянышкан.

26-июлда Жогорку сот Next TV’нын материалдарын «экстремисттик» деп тапканы белгилүү болгон. Ал эми Дүйшенбиевге карата «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.