Ак-Сай: Чек ара жаңжалында Матиса Надировдун үйү, тоок фермасы өрттөлүп, өзү октон мерт болгон

Өлкөнүн Тажикстан менен чектешкен тилкесинде 14-сентябрда башталган куралдуу коогалаңда Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы тоок ферма өрттөлүп, кожоюну Матиса Надиров каза тапты. Мындан тышкары, Надировдун үйү дагы күйүп кеткен.

«Клооптун» журналисттери Ак-Сайга барып Надировдун үй-жайынын өрттөн кийинки абалынан кабар алып келди.

Матиса Надировдун өрттөнүп кеткен тоок фермасы жана үйү. Сүрөт: Анастасия Лысогорова / Kloop.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, тоок ферманын чатыры менен ыш баскан төрт дубалы гана калган. Тооктордун өлүгү, жарым-жартылай күйүп калган жумуртаканын калдыктары жерде жатат. Алардын арасында бирин-серин тирүү калган тооктор кайсалап жүгүрүп жүрөт.

Тооктордун өлүктөрү жана күйүп калган жумурткалардын калдыктары. Сүрөт: Бакай Алмаз / Kloop.

Курулуп бүтө элек кепенин короосунда жалгыз керебет турат, анын үстүндө кийим-кече чачылган. Фабриканын ээсине таандык болсо керек. Жерде Надировдун колдонгон үй-буюмдары жатат.

Матиса Надировдун кепеси. Сүрөт: Анастасия Лысогорова / Kloop.

Ар тарапта миномёттор жана чоң калибрдеги ок дарылар чачылып жатат.

Минометтор жана ок дарылар. Сүрөт: Бакай Алмаз / Kloop.

Кепенин терезелери талкаланган, андагы идиш-аяк, желбей калган нан менен тамак-аш калган.

Матиса Надировдун кепеси. Сүрөт: Анастасия Лысогорова / Kloop.

Матиса Надиров Ак-Сай айылын өнүктүрүүнү максат кылган жеке ишкер болчу. Буга чейин «Салам Баткен» жергиликтүү басылмасына берген интервьюсунда, Надиров чек арада кандай гана жаңжал чыкпасын айылды таштап кетпей деп айткан.

«Ушу, чек арадагы чырдан качып башка жакка курам деген ой болгон эмес. Мен ушул айылда жашашым керек, ушул жерге курушум керек, ушул жерге жумуш ордуларын түзүшүм керек, ушул жерде жашап калышым керек. Биздин ата-бабабыз, өзүбүз туулган жер бул жерден кетпейбиз эч жакка, кетишке мүмкүн эмес. Канчалык, эмне болбосун ушул жерде жашай беребиз, кура беребиз, иштей беребиз», — деген Надиров.

Анын уулу Адилет Абдувалиев «Клооптун» журналисттерине атасы Матиса Надиров 17-сентябрда табылганын, анын ичине жана мойнуна ок тийгенин айтып берди.

«[16-сентябрда] саат 7:30д жем салгам, жем салгандан кийин эле атам келип, тажиктер атып жатат срочно чыгыш керек деди. Анан мен өзбек усталарымды алып, апамды, балдарымды алып алып кеттик качып. Атама айтсам, бул жагы менен качам деди. Биз перевалга жете элек эле атыш башталды, атама чалсам, атам үчүнчү сарайга бомба түштү деди. Азыр дрон менен карап жатышат, мүмкүнчүлүк болсо эле качам деди. Саат 11:20 чалып тажиктердин колуна түштүм балдарды жакшы кара деген да, ошону менен телефону өчкөн [...] Эртеси эртең менен кайтып келсем атамды атып салышыптыр», — деди ал.

Куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда кыйла курчуп кеткен. 18-сентябрь кечке жуук Кыргызстандын Чек ара кызматы чек арада абал турукташуусу мүмкүн экенин кабарлаган. 20-сентябрь күнү эртең менен Чек ара кызматы Тажикстан менен чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта бери дегенде 59 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километри макулдашылган.