«Баасы 8,5 миң доллар». УКМК Ташиевдин кол сааты боюнча комментарий берген жок

УКМК мекеменин төрагаса Камчыбек Ташиевдин болжолдуу Ulysse Nardin брендине таандык баасы 6 миң доллардан 8,5 миң долларга чейин турушу мүмкүн кол саатына байланыштуу «Клоопко» комментарий берүүдөн карманды.

Ташиев кымбат кол саатын тагып жүргөнүн соцтүйүн колдонуучулары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин айта башташкан. Андагы бир нече сүрөттөн Ташиевдин билегинен аталган саатты көрүүгө болот. Соцтүйүн колдонуучулары Ташиев баткендиктер үчүн «бир фура гумжардамды тагып жүрөт» деп жазышкан.

Factcheck.kg басылмасынын журналисттери Ташиев чындап эле Швейцаринын Ulysse Nardin брендине таандык кымбат баалуу кол саатты тагып жүрөбү-жокпу текшерүүнү чечишкен. Басылма УКМКнын төрагасынын колундагы саат швейцариялык бренддин аксессуарына окшош деген жыйынтыкка келген.

«Бирок редакция [саат] чын эле асыл нуска экен деп так айта албайт», — деп белгилейт Factcheck.kg.

Басылманын маалыматына ылайык, Ташиев колунда аталган саатты тагып жүргөнү тартылган бир нече видео жана сүрөт Интернетке жарыяланган. Журналисттер сүрөттөрдү анализдеп көрүп, Ulysse Nardin’дин сааттары менен анык окшоштуктарды табышкан.

«Люкс сапаттагы сааттар сатылган онлайн дүкөндөн биз дал ушул үлгүсүн таптык — Ulysse Nardin Classico Small Second Manufacture (3203-136-2/E3). Анын баасы 6,5 миң доллардан 8,5 миң долларга чейин турат. Аталган үлгүдөгү сааттар 2017-жылы чыгарылгандыктан, бренддин расмий сайтында бул сааттар азыркы учурда сатыкта жок», — деп жазат басылма.

Алардын маалыматына ылайык, сайттагы мүнөздөмөдө сааттын куру аллигатордун терисинен жасалганы, ал эми илмеги болоттон куюлган классикалык бекитме экени айтылат. Саат механикалык мануфактуралык өндүрүштөгү автоматтык башкаруусу менен жабдылган, 38 баалуу таштан чогултулган, 30 метрге чейинки нымдуулукка туруштук берет.

Президенттин кымбат кийимдери

Бийликтин жогорку эшелонундагы адамдардын кымбат баалуу кийимдери буга чейин дагы коомчулуктун талкуусуна алынып келген.

2020-жылдын октябрында соцтүйүн колдонуучулары Жапаров баасы 3 миң доллар болгон Kiton бренддик кемселин (чыптамасын) кийип жүргөнүн байкашкан. Ал убакта Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан. Жапаров журналисттерге кийимди аялы сатып берерин, кээ бирин достору белек кыларын айткан.

Жапаровдун кийимдери 2021-жылдын жайында дагы талкууга алынган. Анда соцтүйүндөрдүн колдонуучулары Жапаров италиялык Stefano Ricci брендине таандык спорттук кийимин кийип жүргөнүн байкашкан. Жапаров бул костюму менен Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин бейформал жолугушуусуна катышкан. Анда соцтармак колдонуучулары бренддин расмий сайтында Жапаровдун кийими 10 450 доллар: спорттук шымы — 5 600 доллар, ал эми бомбери — 4 850 доллар тураарын айтышкан.

1-январда президент жубайы Айгүл Жапарова менен Каракол тоо-лыжа базасына барган. Kaktus.media басылмасынын маалыматына ылайык, президент Lynn’дун ак лыжа костюмун кийип жүргөн. Toni Sailer’дин расмий сайтында мындай костюмдун баасы 1 099 евро турат. Ал эми биринчи айымдын жонунда баасы 1 099дан 1 500 еврого чейин болгон Elin Light Fog сериясындагы куртка болгон.

Кийинки айда өлкө башчысынын сырткы кийими кайрадан көзгө урунган. Анда президент борбор калаадагы базарларды кыдырып, соодагерлерге көзөмөл-кассалык машинанын пайдалуу жактарын түшүндүрүп жүргөн. Анда соцтармактын колдонуучулары президент Бээжинге да, базарга да бирдей куртканы кийип барганын байкашкан. Ал эми куртка Stefano Ricci италиялык эркектер кийиминин элиталык брендине таандык экенин аныкташкан — бренддин расмий сайтында кундуз жакалуу куртканын баасы 5900 доллар экени айтылат.

2-майда президент эски аянттагы Айт намазга катышкан. Анда өлкө башчысынын намазга кийип барган жаңы күрмө коомчулуктун көңүлүн бурган. Буга чейин ал бул күрмөсүн эч жакка кийип барган эмес эле. Factchek.kg басылмасынын маалыматына ылайык, президенттин жонундагы күрмө италиялык Paul&Shark брендине таандык болушу мүмкүн. Мындай күрмөнүн баасы бренддин расмий сайтында 1 014 евро же 87 600 сом деп көрсөтүлгөн.

Президенттин үнөөмдөөгө чакыруусу

Бишкекте 4-апрелде президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйыны өтүп, анда ал өлкөдөгү экономикалык кырдаалдан улам кыргызстандыктарды той-топурду азайтууга, каражатты ысырап кылбоого, анын ичинде кымбат буюм сатып алууну токтото турууга үндөгөн.

«Мекендештериме, жалпы эле кыргызстандыктарга ачык айтып, кайрылып кетейин, ооба, азыр абал оор. Бардык жерде кымбатчылык. Баалар өстү. Жумуш жок. Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек. Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюм сатып алууну кийинкиге жылдырып, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам. [...] Айдоо жерлерибиздин бир метр жерин да кысыр калтырбайлы! Жаздын ар бир күнүн жер менен иштөөгө жумшооңуздарды өтүнөм. Жаздын бир күнү — жылга тете!» — деген ал.

Ошол эле учурда Жапаров «ар бир жаранды социалдык жактан камсыз кылуу үчүн мамлекет күчүн аябайт» деп убада кылган.