Депутат чек арада жашаган тургундарга коргонуу үчүн курал колдонууга уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов чек арага жакын райондордун жашоочуларына өз өмүрүн жана ден соолугун коргоо үчүн курал-жарак берүүнү сунуштады. Ал мындай өзгөртүүнү «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамына киргизүүнү сунуштап жатат.

Өзгөртүү киргизүү сунушталып жаткан мыйзам долбоору 22-сентябрда коомдук талкууга коюлду. Документте Бакасов чек арага жакын райондун жашоочуларына курал колдонууга уруксат берүүгө негизделген факторлорду көрсөткөн.

Депутат мындай себептердин бири — бул Борбор Азиядагы эл аралык терроризм, экстремизм жана сепаратизм коркунучу деп эсептейт. Ошондой эле, эл өкүлүнүн айтымында, чек арада жаңжал чыгып кетүү коркунучу жана да улуттук коопсуздук тобокелчиликтери бар.

Документте курал-жарак 20 жашка чыккан, чек арага жакын райондордун тургунунун өмүрүнө жана ден соолугуна сырттан кооптуу жагдай туулган учурдагы коопсуздук эрежелери боюнча окуудан өткөн жарандарга берилет деп айтылат.

Депутаттар 2021-жылдын май айында дагы чек арада жашаган жарандарга ыйгарым укуктуу чек арачы макамы менен курал берүүнү сунушташкан. Андан кийин 2021-жылдын сентябрында «Чек арага ыыйгарым укуктуулар жөнүндөгү» мыйзамга өгөртүү киргизип, мындай макамга ээ болгон кыргызстандыктарга мамлекеттик чек араны коргоо маалында курал колдонууга уруксат берилген.