Бишкек ШИИБ: Кыргызстан — Орусия футбол беттешинде коомдук тартипти бузгандар жазаланат

24-сентябрга белгиленген Кыргызстан жана Орусия курама командасынын футболдук беттешинде коомдук тартипти бузгандар мыйзам чегинде жазага тартылат. Мындай эскертүүнү Бишкек шаардык милициясы жарыялады.

«Оюндун катышуучуларын, күйөрмандары жана фанаттарды оюн учурунда коомдук тартипти сактоого чакырабыз. Улут аралык кастыкты козутуу жана башка кандайдыр бир чагымчыл аракет көрүү фактылары же ээнбаштык аныкталса, күнөөлүүлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жазага тартылат», — жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле, милициядан коопсуздукка коркунуч жараткан жагдай катталса же шектүү буюмдар аныкталса, дароо 102 номуруна телефон чалууну эскертишти.

Орус аскерлери Украинанын аймагына бастырып киргенден кийин Орусияга бир катар санкциялар салынган. Анын ичинде спорт тармагында дагы бар. Ага ылайык, футбол жаатындагы эки ири уюм — ФИФА жана УЕФА орусиялык командаларды бардык мелдештерден четтеткен. Андан тышкары, бир нече европалык курама командалар орус футболчулары менен ойноодон баш тартышкан.

Ал эми Кыргызстан менен Орусия курамасынын тарыхтагы алгачкы жолдоштук беттеши бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.