Кыргыз-тажик чек арасында каза болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралуу жаңжалда 62 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу 24-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Бөрүбековдун айтымында, куралдуу кагылышууда жабыркаган 198 жаран медициналык мекемелерге кайрылган. Анын ичинен 61 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

«Жабыркаган 198 жарандын 13ү жаш балдар. Жабыркагандардын 171и эркектер, ал эми 19у аялдар. Бизге кайрылган 100дөн ашуун бейтапты Ош жана Бишкек шаарларындагы ооруканаларга котордук. Мындан сырткары, эвакуациялангандарга медициналык жардам да көрсөтүлүүдө», — деди ал.

Ошондой эле, ал жабыркаган жарандарга 20дан ашык психологдор жардам көрсөтүп жатканын белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш

Кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги куралдуу кагылыш үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында катталган. Атышуу болгон аймактардан 140 миңге чукул адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай, инфраструктуралык объекттер талкаланган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажикстан тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атаган.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо. Тажикстандын ТИМнин расмий маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 972 км, анын болгону 600 километрден ашыгы макулдашылган.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.