Майыптыгы бар кыздын зордукталышы: Жабырлануучунун эжесине басым жасалганы айтылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда майыптыгы бар 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ал эми укук коргоочу Камил Рузиев Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жабырлануучунун эжесине «кысым көрсөтүп жатканын» айтты.

Рузиев «милиция кызматкерлери кыздын үй-бүлөсүнө юридикалык жардам көрсөтпөгөнгө аракет кылып, жабырлануучунун эжесинин телефонун тыңшоого алган» деп билдирди.

«Милиция кызматкерлери жабырлануучунун эжесинен тергөө амалдары боюнча ачыкка чыгарбоо келишимин алышып, мени менен сүйлөшүүгө катуу тыюу салышкан», — деди ал.

Ошондой эле, Рузиев «мындай кысым жашы жете элек кызды зордуктоого шектүүнүн уулунун укук коргоо органдарында иштегендигине байланыштуу» деп белгиледи.

«Бул кылмышты өз убагында каттабай койгон милиция кызматкерин жоопко тартууга жетишкенибизден кийин Түп РИИБдин кызматкерлери жабырлануучунун эжесине кысым көрсөтө башташты», — деди ал.

Ал эми облустук милициянын басма сөз кызматынан «Клоопко» жактоочунун айткандарын четке кагышты.

Ошол эле учурда шектүү менен укук коргоо органдарынын ортосундагы мамиле бар экенин тастыкташып, «бирок бул тергөөнүн жүрүшүнө таасирин тийгизбейт» деп ишендиришти.

16 жаштагы кыздын зордукталышы

Ысык-Көл облусунун Түп районунда майыптыгы бар 16 жаштагы кыздын зордукталганы үстүбүздөгү жылдын апрель айында белгилүү болгон.

16 жаштагы кош бойлуу болуп калган кыз тууралуу маалымат райондук ИИБге 1-апрелде келип түшкөн. Аталган факт «Каалабаган кош бойлуулукка алып келген зордуктоо» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Ысык-Көл ОИИБдин башчысы бул ишти жеке көзөмөлүнө алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көлдө зордукталган 16 жаштагы майыптыгы бар кызга кесарево операциясы жасалды

Ысык-Көл: Милиция майыптыгы бар 16 жаштагы кызды зордуктоо фактысын иликтейт