Ысык-Көлдө зордукталган 16 жаштагы майыптыгы бар кызга кесарево операциясы жасалды

Милиция Ысык-Көл облусунун Түп районунда зордукталган майыптыгы бар 16 жаштагы кыздын ишин тергөөнү улантып жатат. Облустук Ички иштер бакармалыгынын басма-сөз кызматынан «Клооптун» журналистине окуянын чоо-жайын айтып беришти.

16 жаштагы кош бойлуу кыз тууралуу маалымат райондук ИИБге 1-апрелде келип түшкөн. Аталган факт «Каалабаган кош бойлуулукка алып келген зордуктоо» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Ысык-Көл ОИИБдин башчысы бул ишти жеке көзөмөлүнө алган.

Мындан тышкары, укук коргоочу Камил Рузиевдин маалыматына ылайык, бул иш боюнча шектүү дагы деле кармалбай эркиндикте жүрөт. Маалыматты «Клооптун» кабарчысына ОИИБдин өзүнөн даа тастыкташты.

5-апрелде Бишкектен барган Акушер-гинекологдор ассоциациясы Ысык-Көл облустук ооруканасында кыздын ден-соолугуна байланыштуу консилиум өткөрүшкөн.

«Алар кызга кам көрүү жана дарылоону күчөтүү сунушун беришкен. Оорукананын дарыгер-гинекологдорунун айтымында, кыздан ошол күнү эле күнү кан кетип, мындан улам кесарево жолу менен кечиктирилгис операция жасалган», — деп билдиришти милициядан.

Ички иштер башкармалыгы кыз психолого-психиатриялык экспертизадан өтүп, туугандары суралганын кошумчалашты. Милиция ошондой эле «Балдардын укугун коргоо лигасы», «Репродуктвидүү ден-соолук альянсы» жана Караколдогу «Балдарга жардам көрсөтүү борбору» менен иштешип жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин облус боюнча координатору Бейшекан Жайылымышова 24.kg басылмасына операциядан кийин ымыркайды сактап калууга мүмкүн болбогонун айтып берди.

«Бейтап операция жасалбаганда өлүп калмак эле. Баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон жок, анын салмагы абдан кичине, 500 граммга чейин болчу», — деп билдирди Жайлымышова.

Майыптыгы бар аялдарга карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптыгы бар. Алар инфраструктура, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана албай, жумуш иштөө мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп, коомдо байкалбай, кабыл алынбай келет. Кыргызстан 2019-жылы Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялаганына карабастан, алар калктын аялуу катмары бойдон калууда жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга тартылышпайт.

Кыргызстанда бардык аялдар абдан аялуу, ал эми майыптыгы бар аялдар андан эки эсе аялуу.

«Майыптыгы бар кыздар дискриминацияга эки эсе туш болушат. Биринчиден аял болгону үчүн, экинчиден майып болгону үчүн. Алар зордуктоо болгон учурда алсыз болушат», — деген «Теңдик» майыптар союзу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова.

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы

Эгерде зордук-зомбулукка же турмуштук кыйынчылыктарга кабылсаңыз билим алуу, жумуш менен камсыздоо, социалдык жактан колдоо боюнча жардам көрсөтүүчү «Теңдик» майыптар союзуна кайрылсаңыз болот.

Тел: 0771 627 525, 0700 627 525

Эл. дареги: ravenstvokg@gmail.com, ravenstvo-ik@mail.ru

Андан тышкары, кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот — бул жерден өзүңүзгө жакын аралыктагы кризистик борборду тапсаңыз болот:

«Миңдеген айымдарга жардам». Кыргызстандагы кризистик борборлор жөнүндө беш факт