Сот Акматбек Келдибековду эки кылмыш иши боюнча актады

Биринчи май райондук сот Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибековду «Коррупция» жана «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча актады. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө сот Келдибековдун аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим кабыл алынганы белгиледи.

Келдибеков деген ким?

Ахматбек Келдибеков ар убактарда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. Президент Аскар Акаевдин учурунда ал Социалдык фондду жетектеген. Бакиевдин учурунда болсо Салык кызматын башкарган. Ал эми 2010-жылдан тарта 2011-жылдын декабрына дейре парламенттин спикерлик кызматын аркалаган.

Ал «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев айткан 13 айыптын ичинен 11ин атайын депутаттык комиссия далилдегенден кийин 2011-жылдын декабрь айында спикерлик кызматынан кеткен.

Келдибеков өзү Текебаевдин айыптоосун «төраганын орду үчүн сакясий курөш» деп атаган. Ошондон кийин Келдибековго «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон. «Коррупция» беренеси Келдибеков Салык кызматында иштеп тургандагы мезгилине байланыштуу, ал эми экинчи берене Салык кызматынын төрагасы болуп иштеп тургандагы мезгилине байланыштуу.2015-жылдын август айында Келдибековдун соцфонддогу иши «мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу» кыскартылган.

Ал эми Келдибеков Биринчи май райондук соту тарабынан «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 млн сом айыпка жыгылган. 2016-жылдын март айында Бишкек шаардык соту айыптын өлчөмүн 10 млн сомго чейин жогорулатып, Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган.

2017-жылы ал президенттик кызматка да талапкерлигин коюп, бирок соттолгондугу жоюла электигинен шайлоо өнөктүгүнө катыша албай калган.

Ошондой эле «Клооптун» журналисттери 2016-жылы иликтөө жарыялап, Ахматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматованын Болгариядагы жер участогун жана бизнесин табышкан. Келдибеков өзү журналисттердин жүйөөлөрүн «каралоо аракети жана жалаа» деп атаган.

2021-жылы Жогорку сот экс-спикер Ахматбек Келдибековго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген.

Анда Жогорку соттун басма сөз кызматынан Келдибеков бул ишти «жаңы ачылган жагдайлар боюнча» кайра кароо өтүнүчүн келтиргенин билдиришкен. Башкы прокуратура бул өтүнүчтү колдоого алган.