Равшан Сабиров өлкө жетекчилигине көлөкө түшүшүн каалабагандыктан кызматтан кеткенин билдирди

Равшанбек Сабиров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорлук кызматынан кетүүгө «соцтүйүндөрдө көбөйгөн сын-пикирлер» себеп болгонун билдирди.

Буга чейин күн мурда, 26-сентябрь күнү президент Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысын кызматынан бошоткону белгилүү болгон. Сабировдун ордуна Умбриэл Темиралиев дайындалган. Буга чейин ал инвестициялар боюнча министрдин орун басарлык кызматын аркалап келген. Ал эми президенттин администрациясынан Равшанбек Сабиров кызматынан өз каалоосу менен кеткенин билдиришкен.

«Акыркы күндөрү соцтармактарда сын-пикирлер көбөйүп кетти. Менин айымдан өлкө жетекчилигинин дарегине көлөкө түшүшүн каалабадым. Ошондуктан кызматтан кетүү тууралуу чечимин өз каалоом менен кабыл алдым», — деп билдирди Сабиров «Азаттыка» кызматтан кеткенинин себебин түшүндүрүп.

Ал отставкасынын кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштыгы жоктугун белгилеп, бирок сөз кайсыл сын-пикирлер жөнүндө болуп жатканын айткан жок.

Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы болуп 2022-жылдын 11-мартынан тартып иштегей баштаган. Буга чейин ал президенттин кеңешчиси жана «Ата Журт – Кыргызстан» фракциясынын депутаты болгон.

Улуттук агенттик бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууга жооптуу болот. Ошондой эле агенттик чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар менен кызматташат.