Президент Балбак Түлөбаев издеп таппай жаткан Балыкчынын мэрин кызматынан бошотту

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеевди ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шаршеев берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Буга чейин аталган маалыматты Балыкчынын муниципалитети дагы «Клоопко» тастыктаган.

Шаршеев Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевдин сынынан кийин мэрлик кызматтан бошотулду. Түлөбаев 28-сентябрда парламенттин жыйынында Шаршеев бир жумадан бери жумуш ордунда жок болуп жатканын билдирген.

«Бир жумадан бери Балыкчынын мэрин таппай жатабыз. Такыр ордунда жок. Вице-мэр камалып кетти. Балыкчыда азыр бийлик жок болуп жатат. Мэрди тапсаңар таап, ордуна отургузуп, таппасаңар андан ары кетирип, вице-мэрди шайласаңар. Кыш келе жатат. Мына кече күнү губернаторубуз [Алтынбек Сулайманов] дагы кетипк алды», — деп суранган эл өкүлү.

Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэрлик кызматына 2022-жылдын июлунда дайындалган. Ага чейин «Манас» аэропортунун башкы директорлук кызматын аркалаган. 2013-2015-жылдары Шаршеев Жогорку Кеңештин дагы депутаты болгон.