«Тажик чек арачылары менен согушкан жокпуз». Ташиевдин билдирүүсү Жапаровдун позициясына каршы келеби?

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 26-сентябрда бир нече маанилүү билдирүүлөрдү жасаган. Алардын бири кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда кыргыз аскерлери кимдер менен согушканына байланыштуу болгон.

«Түрдүү маалымат булактарынан бизге белгилүү болгондой, чек арабызды түрдүү адамдар кесип өттү. Ошол эле учурда, биз [Тажикстандын] туруктуу армиясы же чек ара кызматы менен согушуп, коргонуп, тирешкен жокпуз. Биз кандайдыр башка кишилер менен, чоочун адамдар менен согуштук. Алар ким экенин айта албайм, бирок биздин чек арачыларга өтө катаал мамиле кылган согушкерлер десек болчудай, а биз тараптан болсо бир гана чек арачылар болду», — деген Ташиев.

УКМКнын төрагасынын билдирүүсү президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында айткан сөздөрүнө дал келбейт. Өлкө башчысы анда 14-17-сентябрда тажик тарап «мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объектилерге чабуул жасаган» деп айткан.

«Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу», — деген Жапаров.

Ал эми 26-сентябрда, Баткен облусун коргоо учурунда каза тапкан аскер кызматкерлерине арналып өткөрүлгөн митинг-реквием учурунда Жапаров тажик тарапты дагы бир жолу Кыргызстанга кол салууга айыптаган.

«Ал эми кылымдардан бери коңшу жашап келе жаткан тажик элинин башында тургандар чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн ордуна, алдын ала чагымчыл план түзүп, бир эле учурда ар кайсы жерден чабуул жасап, маселени агрессия жолу менен чечип жерлерин басып эле алабыз деген арам ой менен Кыргызстанга кол салышты», — деген ал.

Анткен менен президенттин администрациясындагылар Ташиевдин билдирүүсүндө Жапаровдун позициясына каршы келе турган нерсе жок деп эсептешет.

«УКМКнын Чек ара кызматы 14-сентябрда эле “ок атышууда тажик тарапта кара кийим кийген, сакалчан, эч кандай айырмалоочу белгилери жок, эч жерди карабай эле жай тургундарга, инфраструктура объектилерине, турак жай жана жарандардын башка мүлктөрүн аткылаган кишилер байкалганын” билдирген. [Ташиевдин билдирүүсүндө] ушул нерселер, белгисиз формачан, айырмалоочу белгилери жок кишилер байкалганы тууралуу сөз болгон», — деп түшүндүрүштү президенттин басма сөз кызматынан.

Чек арадагы куралдуу кагылышуу

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.