Бир кадр менен: Жапаров менен Эрдоган Түркиядагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин басма сөз кызматы иш-чарада тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Оюндардын ачылыш салтанаты өтүп жаткан стадиондон тартылган сүрөттөрдүн биринде президент Садыр Жапаров, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган отурат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы. Биринчи айым Айгүл Жапарова, президент Садыр Жапаров жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Сүрөттөрдөн президент биринчи айым менен Эрдоганды ортосунда отуруп, бир нерсени жандуу айтып берип жатканын, Айгүл Жапарова менен Эрдоган аны кунт коюп угуп жатканын байкоого болот.

«Салтанаттуу иш-чара театралдаштырылган шоунун коштоосунда болду. Аземдин алкагында түрк дүйнөсүнүн чыгармачыл жана бий топтору чыгышты, анын ичинде Кыргызстандан да 30га жакын маданият ишмерлери, анын ичинде «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, солисттер жана режиссердук топ өз өнөрлөрүн тартуулашты», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураандын алдында өтүп жатат. Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Кыргызстандын атынан 148 спортчу мелдешет.