ӨКМ: Эвакуация болгон баткендиктердин 123 миңден ашууну үйлөрүнө кайтты

Баткен облусунан эвакуацияланган 136 миңден ашуун баткендиктин ичинен 123 миңден ашууну үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу 30-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ӨКМ. Эвакуацияланган баткендиктер үйлөрүнө кайтып жатат.

ӨКМден үйлөрү жараксыз болуп калган тургундарга жергиликтүү бийлик жашап туруу үчүн убактылуу баш калкалоочу жайларды уюштурганын билдиришти — сегиз мекемеде 64 бөлмө жана 218 жергиликтүү тургундардын үйлөрү.

«Куралдуу кагылуудан зыян тарткан 630 үйдүн 425и жашоого жараксыз абалга келген, ал эми 205и ондоп түзөөгө муктаж. Ошондой эле, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 28 социалдык объекти (алардын ичинен 12 мектеп, 12 бала бакча, төрт ФАП), 336 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектиси, 61 унаа жана АК-Сай айылындагы көпүрө жабыркаган», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Чек арадагы куралдуу кагылышуу

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.


Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.