Онкология борборунун имаратын куруудагы коррупция: Мамкурулуштун кызматкерлери кармалды

Улуттук онкология жана гематология борборунун имаратын курууда коррупциялык схема түзүп алууга шектелип Мамлекеттик курулуш комитетинин төрт жооптуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер имарат куруу жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн сынак уюштурбай, туунду подрядчы менен 340 миллион сомго келишим түзгөнү белгилүү болду.

Ошондой эле алар бүткөрүлгөн ишти аныктап, кабыл албай туруп, документке бүтө элек иштерге акы төлөндү кылып көрсөтүшкөн.

Курулуш экспертизасынын жыйынтыгында, мамлекетке 13,5 миллион сом материалдык чыгым келтирилгени аныкталды.

Бул боюнча «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, 27-сентябрында мамкурулуштун мурдагы директору, директордун орун басары, башкы бухгалтери жана техникалык көзөмөл боюнча инженери кылмышка шектүү катары кармалды.

Ал эми 29-сентябрда Биринчи май райондук соту мамкурулуштун мурдагы директорун катуу ооруп калганына байланыштуу үй камагына чыгарган. Калган кызматкерлер бир айга камакка алынды.

Аны менен катар, подрядчы менен директордун орун басары мамлекетке келтирилген 13,5 миллон сом зыяндын ордун толтуруп беришкени айтылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

Башпрокуратура: «Кыргызкөмүрдүн» жетекчилиги мамлекетке 127 миллион сомдон ашуун зыян келтирген