Көчмөндөр оюндары: Кыргыз балбандары капышмалы аба күрөшү боюнча төрт медалга ээ болду

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык балбандар капышмалы аба күрөшү боюнча төрт медалга ээ болду. Күрөшүн бул түрү боюнча алты кыргыз балбаны күч сынашты.

Манас Үсөнов 75 килограмм салмакта алтын медаль утса, Орозбек Алмазбеков 90 килограмм салмакта экинчи орунга татыды.

Ал эми Урмат Нарынбеков менен Азим Эсенбек уулу күмүш медаль тагынды. Алардан тышкары Бекмамат Бейшен уулу менен Тилек Куралов төртүнчү орунду ээлешти.

Буга чейин көчмөндөр оюндарында кыргыз спортчулары таяк тарыш боюнча үч алтын, бир күмүш жана эки коло байге утушкан. Ошондой эле Кыргызстан жаа атуу боюнча эркектер арасындагы командалык мелдеште биринчи орунга чыккан.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда 2-октябрга чейин болот. Бул жолку оюндар «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураан менен өтүп жатат.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышууда. Ал эми Кыргызстандын атынан 148 спортчу барды, алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.

Тема боюнча:

Бир кадр менен: Жапаров менен Эрдоган Түркиядагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында