ТИМ: Кыргыз жарандарын Тажикстандын аймагына негизсиз киргизбей койгон учурлар көбөйдү

30-сентябрда Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Душанбе шаарындагы эл аралык аэропорттон кармап, Тажикстандын аймагына негизсиз киргизбей койгон учурлар көбөйгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстан өлкөгө кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнү тууралуу кыргыз бийлигине эч кандай билдирме жөнөткөн эмес.

ТИМ бул жагдайга байланыштуу кыргызстандыктарды Тажикстанга түз да, транзиттик каттам менен да барбай, ал өлкөдөн чыкпай турууга чакырды.

Министрликтен эгер кыргыз жарандары Тажикстанда укук бузуу же кысымга кабылса, дароо элчиликке кайрылышы керек деп белгилешти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.

Тема боюнча:

Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасындагы сегиз чек ара бекети алынмай болду