Акылбек Жапаров чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркагандарга 300 миң сомдон берилерин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кийин Баткен жана Ош облусун калыбына келтирүү, өнүктүрүү боюнча комиссиянын биринчи отурумун өткөрдү.

Жыйында ал чек ара жаңжалында үйү бузулуп, капиталдык оңдоого муктаж жарандарга эки этап менен 300 миң сомдон берилерин айтты.

Минкабдын төрагасы Баткендеги бузулган үйлөрдү суук түшкөнгө чейин калыбына келтирүү үчүн атайын техника жана адистер жөнөтүлгөнүн белгиледи.

«Үйлөрү жабыркаган, бирок капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн тизмесине кирбей калган жарандарга 100 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлөт», — деди ал.

Жапаров Энергетика министрлигине жабыркаган үй-бүлөлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы жана бекер көмүр менен камсыздоо тапшырмасын берди.

Минкабдын төрагасы кыргыз-тажик чек арасындагы 200 чакырым талаштуу аймакты чечүү үчүн бардык күч-аракетти жумшайбыз деп белгиледи. Ошондой эле ал кыргыз-өзбек чек ара маселеси тынчтык жолу менен чечилгенин кошумчалады.

26-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен протоколго кол койгон. Документ чек аранын айрым тилкелери боюнча жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.

Тема боюнча:

Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасындагы сегиз чек ара бекети алынмай болду