Чек арадагы куралдуу жаңжалда чыгым болгон ишкерлер 2024-жылга чейин салыктан бошотулушу мүмкүн

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалында чыгымга учураган ишкерлерди салыктан бошотуу мыйзамы сунушталды. Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыккан долбоор коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык чек арага чектеш аймактагы ишкерлер 2022-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 1-январына чейин толугу менен салыктан бошотулушу мүмкүн.

Ошондой эле, демилгечилер чыгымга учураган ишкерлерди 2024-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төлөмдөрүнөн, жер жана мүлк салыгынан бошотууну сунушташты.

Эгер мыйзам кабыл алынса ишкерлер 2023-жылдын 1-мартына чейин салык карыздарын жана камсыздандыруу төлөмдөрүн банктык кепилдиксиз эле кийинкиге жылдырып же бөлүп төлөөсө болот.

Ал эми Каржы министрлигине Социалдык фонддун кирешесинин ордун толтуруу үчүн каражаттарды издөө тапшырмасы берилет.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.

Тема боюнча:

Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасындагы сегиз чек ара бекети алынмай болду