Акыйкатчы Евробиримдиктин өкүлүнөн Тажикстанды «куралдуу провокацияларды» токтотууга мажбурлоону өтүндү

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 2-октябрда Евробиримдиктин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда ал Гилмордон Тажикстанды «куралдуу провокацияларды» токтотууга мажбурлоону суранды.

Абдрахматова Евробиримдиктин өкүлүнө кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышуу тууралуу маалымат берген. Ал Гилмордон Тажикстандын Баткен облусунун карапайым калкына карата «адамгерчиликсиз, куралдуу агрессиясын» сынга алуусун өтүнгөн.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери 19-сентябрдан бери Баткендин куралдуу жаңжалдан жабыркаган айылдарын кыдырып, үйлөрүн таштап качууга мажбур болгон тургундар менен маектешкен.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.