Бишкектин тургуну «кыргыз элин кемсинткен посту» үчүн бир жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Твиттерде улут аралык кастыкты козутуучу пост жазганы үчүн аялды бир жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, шаар тургуну 13-сентябрда, «Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.

Соттон «Азаттык» басылмасына соттолгон аял жазган пост белгилүү бир этноско карата кемсинтүүчү мүнөзгө ээ экенин айтышкан.

«Соттук экспертизанын 2022-жылдын 27-майындагы корутундусуна ылайык, В.Е. аттуу адамдын авторлугундагы пост терс жана белгилүү бир этностко карата кемсинтүүчү мүнөзгө ээ. Ал жерде басынтуунун лингвисттик белгилер, терс эмоциялык баа же белгилүү бир этноско, башкача айтканда, кыргыз элине карата терс маанайдагы мазактоо бар», — деп белгилешти соттон.