«Кыргыздын патриоту макул болот». Атазов өлкөнү куралдандыруу үчүн салык киргизүүнү сунуштады

3-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана коргоо комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов кыргыз армиясын куралдандыруу үчүн жарандардын айлыгынан 200 сомдон алууну сунуштады.

«Эгерде 18 жаштан жогору, иштеп жаткан жарандар ай сайын аскердик техниканы алуу үчүн ар бир айлыгынан 200 сомдон берип турса, 1 млн адам иштесе айына эле 200 млн сомдон түшүп турат экен. Ушуну беш жыл киргизип туруш керек болуп жатат. [..] Буга ар бир кыргыздын патриоту айлыгынан 200 сомдон берип турууга макул болот го деп ойлойм», — деп сунуштады Атазов.

Атазов Кыргызстанда жашаган ар бир улуттун өкүлү аскерде кызмат өтөшү керек деп эсептейт.

Жыйында депутаттар мобилизация, аскердик жана альтернативдик кызматтар жана чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөгү мыйзамдарына сунушталган өзгөртүүлөрдү карап жатышкан.

Мыйзам долбоорунда Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын жайгашкан райондорунун тургундарына мамлекеттик чек араны коргоо үчүн ок атуучу сайлуу куралды сатып алууга, алып жүрүүгѳ жана пайдаланууга уруксат берүү сунушталууда. Документте мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу зарыл болгон учурда аскерге чакыртылышы мүмкүн болгон бардык категориядагы адамдардын жаш курагындагы чекти дагы алып салуу сунушталат.

Ал эми депутат Марлен Мататалиев чек арага жакын райондорго жасаган иш сапарында жергиликтүү элдин арасынан жаңжал учурунда чек арага жакын райондорду коргоого даярдыгын билдирген жарандарды жолуктурганын айтты.

«Эгерде зарылчылык жаралса, жаш курактын категориясын алып салууну сунуштап жатабыз. Ошол жерде мергенчилер бар экен. Бир топ тажрыйбасы бар, аскердик жактан даярдыгы бар, бирок жашы туура келбей калат экен. Анткени бизде жаш курактын чектөөсү бар. 50 жаштан өткөн жарандар эч кандай мобилизацияга туш келбейт. Бирок Баткен жана Ош облусунун чек арага жакын райондорунда, Баткен, Чоң-Алай жана Алай райондорунда зарылчылык жаралса, жаш курактын категориясын алып салалы деп жатабыз. Ошол жерде 60-65ке чыккан, бирок өтө күчтүү мергечилер бар экен. Биз алардын баарына мүмкүнчүлүк берели деп жатабыз», — деп түшүндүрдү Маматалиев.

Аягында депутаттар комитет жыйынында мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырып, ал эми кээ бирлери кийинки жыйынды жабык тартипте өткөрүүнү сунушташты.

Автору: Зулайка Эркимбаева