Минкаб дары-дармектерди Кыргызстандан чыгарууга жарым жылга чектөөнү сунуштады

Министрлер кабинети дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды Кыргызстандан экспорт кылууга алты айга чектөөнү сунуштады. Токтомдун долбоору коомдук талкууга чыкты.

Маалымкат-негиздемеде бул өлкөдө дары-дармектердин жетишсиздигин болтурбоо үчүн зарыл деп айтылат.

«Кыргызстанда дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча ишканалар жок экендигин эске алганда, өлкөдө дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жетишсиздиги белгилүү», — деп айтылат билдирүүдө.

Кеп коронавирус илдетин дарылоо жана аныктоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер, медициналык буюмдар, жеке коргонуу жана башка медициналык каражаттар тууралуу болуп жатканы айтылат.

Буга чейинки экспортко чектөө 2022-жылдын 9-августтуна чейин киргизилген болчу.