Нарында тоо текелерин сойгон браконьер кармалды

Нарында алты тоо эчкини сойгон браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Браконьер 3-октябрга караган түнү УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районунун «Босого» экологиялык көзөмөл өткөрүү пунктунан кармалган.

«Кармалган киши Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну болуп чыкты. Окуя болгон жерде акт түзүлүп, топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Тоо текеси — Кыргызстандын Кызыл китебине кирген сейрек кездешкен жаныбар. Алардын санынын кескин азайышына мыйзамсыз браконьерлик себеп. Тоо эчкини атуу үчүн 100 миң сом айып пул салынат.