Укук коргоочу Абдирасулова: Соцтүйүндөгү пост үчүн эркинен ажыратуу коопту прецедент

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук барагы аркылуу бишкектик аялга Твиттердеги мазактаган постту үчүн чыгарылган өкүм боюнча комментарий берди. Ал 13-сентябрда «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен бир жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилген болчу.

Абдирасулованын айтымында, мындай жаза — кастык тили жана жек көргөнү үчүн эркиндиктен ажыраткан өтө кооптуу прецедент болуп саналат.

«Кеп дал ошол тилдин бар-жогунда эмес, бизде дагы деле кастыкты козутуу жана жек көрүүнү аныктоо боюнча рабат планын колдонбогонубузда. Биз дайыма айтып жүргөн багытын жана кесепетин аныктоодогу комплекстүү кадамдарды жасабаганыбызда турат. Практикада бир эле учурда лингвист, филолог, дин таануучу, психолог делген “эксперт” гана бүтүм чыгарат. Бир эле адамдын бүтүмү судьялар үчүн негизги далил базасы болуп саналат. Андан ары күтүлүп жаткан коркунучтарды ойлоп таап, фантазия кылып өз тыянактарын чыгарышат», — деп белгиледи укук коргочу.

Укук коргоочунун айтымында, бишкектик аялдын твити боюнча бүтүм чыгарган эксперт кылмыш иши козголгон активисттер Ырыс Жекшеналиев менен Адилет Балтабаевдин соцтүйүндөгү посттору боюнча да анализ бере баштайт.

«Жакында барыбызга [анализ] бере турганын сезип жатам. Атмакчы, талкууланып жаткан кылмыш ишинде бул экспертин корутундусу бар. Балким 100 иштин бирине туш болгон болушу мүмүкүн, бирок биз калган иштерге жолду “ачып” жана кол чаап койдук. Эми “бул жерде баарыбыз чогулганыбыз кандай жакшы” деп ырдай турганыбыз эле калды», — деп сөзүн жыйынтыктады Абдирасулова.