«Маселе кайра көтөрүлүүдө». Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча жыйын өттү

Ош облусунун Өзгөн районунда 27-август күнү Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жыйын өттү. Бул тууралуу жергиликтүү активисттер билдиришти.

Маалыматка караганда, ага жүздөгөн адам катышкан. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров да келген.

Активисттердин биринин айтымында, жыйында үч маселе коюлду.

«Биринчиси — Кемпир-Абад боюнча жогору жакта эмне сөз жүрүп жатканы тууралуу талап коюлган, анын жообун билүү. Экинчиси — 920 адам кол коюп, маселе боюнча Жогорку Кеңешке кат жазган, анын жообун ошону билүү. Үчүнчүсү — Чолпон-Атада президенттердин жыйынында “эки тарап кол койду” деген сөз тарады эле, ошонун жыйынтыгын билели деп эл кызыктар болуп жатат. Маселе эл арасында кайра көтөрүлүүдө», — деди ал.

Июнь айынын аягында депутат Адахан Мадумаров тынчсызданган жүздөгөн тургун ага суу сактагычтын тагдыры тууралуу расмий маалымат берүүнү суранып кат менен кайрылганын айткан. Ал тиешелүү кишилер бул маселе боюнча парламентке келип жооп бериши керектигин эскерткен.

«“Кемпир-Абаддын тегерегинде ар кандай иштер жүрүп жатат. Кошуна мамлекет иш-аракеттерин жүргүзүп жатат, биз кабатырланып жатабыз. Бул кандай болуп чечилген, бүгүнкү күнгө чейин жообу жок, кээ бир жерлерде анча-мынча казыктар кагылып кеткен сыяктанып жатат” деген чочулоолорун [айтып] жүздөгөн кишилер кол коюп жиберген», — деген ал.

Кемпир-Абад чуусу, элдин нааразычылыгы

Архив. Жер берүүгө каршы болуп, суу сактагычтын жанына чогулган тургундар. Сүрөт: Kloop

Өткөн жылдын март айында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Кайтып келгенден кийин Ташиев Өзгөн районунда жергиликтүү эл менен жолугушкан. Анда ал Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 100 гектар жерди сураганын айтып, бирок Кыргызстан 50 гектарын берүүгө макулдашылганын билдирген.

Мындан сыткары, Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы Өзбекстанга алмашыла турганын белгилеген. Ал бул чечимди «туура» деп айтып, суунун деңгээли түшкөндөн кийин жергиликтүү турак жайларды «суу каптабай калат» деген.

Бирок Кара-Суунун Ынтымак айылынын тургундары жер стратегиялык мааниге ээ экенин айтышып, аны берүүгө каршы болушкан, Кемпир-Абаддын жанына боз үй тигип, Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан.

19-апрелде Ташиев тургундар менен жолугуп, «эң пайдалуу келишим түзүдү» деп айткан. Ошондой эле протокол кабыл алынса «чек арада чыр-чатак болбойт» деп ишендирген.

Атайын кызматтын башчысы нааразычылык акциясын уюштургандарды «чагымчылдар» деп аткап, ал тургай алардын аты-жөнүн билерин айтып коркуткан.

УКМКнын төрагасы жолугушууда тургундардын нааразычылыгынан улам Өзбекстанга барып протоколду кайрадан каратып, 50 гектардын ордуна 20 гектар жерди алмашууга аракет кыларын убада кылган.

Ал эми 25-апрелде Камчыбек Ташиев Өзгөн районунда Оштун тургандары менен жолугушкан. Жолугушууга ар башка аймактан жүздөгөн адам катышып, суу сактагычтын плотинасын жана анын айланасындагы жерди Өзбекстанга бербөөнү талап кылышкан.

Наарызчылыкардын шартында Ташиев «Кемпир-Абадды бербейбиз» деп ишендирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кайсыл жерде иштеримди билесиңер». Кемпир-Абад маселеси боюнча жолугушуу кандай өттү?

Ташиев: «Кемпир-Абадды» бербейбиз дедиңерби, бербейбиз, болду!