ЖМКны сот залынан кууп чыккан Бишкек шаардык сотунун судьялары жазаланышы мүмкүн

Бишкек шаардык сотунун судьялары «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн иши каралып жатканда журналисттерди сот залынан кууп чыкканы үчүн жазаланышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Басма сөз кызматтнын маалыматына ылайык, Жогорку соттун төрагасынын атынан Судьялар кеңешине төмөнкү судьялардан турган соттор коллегиясынын аракеттерине карата тескеме жиберилген: Улан Садырбеков, Сүйүнбек Бекташов жана Жамиля Сабитова.

Окуянун өзү 3-октябрда, шаардык сотто Бөлтүрүктүн адвокатынын апелляциялык арызы каралып жатканда болгон.

24.kg басылмасынын журналисттери судья сот аткаруучуларга ЖМК өкүлдөрүн сот залынан чыгарып салууну тапшырганын айтышкан. Натыйжада журналисттер залдан түртүп барып чыгарылган.

«Тескемеде 2022-жылдын 3-октябрында соцтүйүндөрдө жана ЖМКда соттук коллегиянын соттук отурумунан тартылган видеотасмасы тараганы айтылат, анда төрага сот процессин талаптагыдай алып барбаганы үчүн соттук коллегия тарабынан процессуадык бузууларга жол берилгени көрсөтүлгөн. Соттук коллегия сот отурумуна катышып, аудио-видео жаздырууну каалаган журналисттерге укуктары менен милдеттерин түшүндүрбөстөн сот жыйыны өтүп жаткан залдан чыгарып салган», — деп билдиришти басылмадан.

Басма сөз кызматтан соттор коллегиясы сот процессин процессуалдык бузуулар менен өткөргөнүн, алардын аракети «коомчулуктун сот системасына ишенимин жоготорун» белгилешти.

Автор: Зулайка Эркимбаева