Жогорку Кеңеш парламенттин жаңы төрагасын бүгүнтөн калбай бекитиши мүмкүн

Жогорку Кеңеште жаңы спикерди бүгүнтөн калбай бекитүү сунушталды. Демилгени парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев көтөрдү.

Акаевдин айтымында, эл өкүлдөрү жаңы төрага бекигенге чейин күн тартибинин жыйындарын жылдыра турушу керек.

«Бүгүн, 4-октябрь, мына, октябрь окуяларына толук эки жыл болуп жатат. Ошол күндөр, [...] урматтуу Талант Турдумаматович, ошол күндөрдө, өлкө олку-солку болуп турган учурда, чын эле оор жоопкерчиликти алган. Бир калыпка салып, мына Башмыйзамды өзгөртүү боюнча демилге кылып, ошол жерде Талант Турдумаматовичтин чоң эмгеги болду. Эми мында, депутаттар, биз эч кандай Талант Турдумаматовичке ишенбестик көргөзгөн жокпуз, колдоп келдик, камыр-жумур чогуу иштештик. [...] Фракциялар кеңешип, бүгүнкү күн тартибине биз кечиктирбестен жаңы төраганы бекитүү боюнча сунуш берем», — деди Акаев.

Акаевдин сунушун добуш берүүдө 67 депутат колдоого алды.

Вице-спикер Улан Примов фракцияларга талапкерлерин киргизүүнү сунуштап, 14:00гө чейин тыныгуу жарыялады.

«Талапкерлер боюнча комиссияга сунуштарыңарды киргизгиле, ишти баштай беришсин», — деди ал.

Бүгүн 5-октябрда Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов өз калоосу менен отставкага кетти.

Мамытов парламенттин төрагалыгына 2020-жылдын 4-ноябрында, Канат Исаев кызматтан кеткенден кийин шайланган.

2021-жылы Мамытов парламенттин жаңы чакырылышына шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырып, спикерликке кайра 2021-жылдын декабрында кайтып келген.