Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Нурланбек Шакиев шайланды

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынын депутаты Нурланбек Шакиев шайланды. Ал төрагалык кызматка жалгыз талапкер болуп шайлоого катышты.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Шакиевди 80 депутат колдоду, алты депутат «каршы» добуш берди.

Добуш берүү үчүн жалпы 90 бюллетень даярдалып, 87 бюллетень таратылып берилген. Анын бири жараксыз деп табылып, үч шайлоо кагазы жараксыз болуп чыкты.

Добуш берүү бүткөн соң протокол менен бекитилип, Шакиев төраганын ордуна отурду. Андан соң ага сөз берилип, ишеним көрсөтүп добуш берген кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

«Сиздердин ишенимиңиздер мен үчүн чоң жоопкерчилик жана карыз деп ойлойм. Ушул жоопкерчиликтүү жумушту сиздер менен бирге татыктуу аткарууга аракет кылып, сиздердин көрсөткөн ишенимиңиздерди бардык күчүмдү, тажрыйбамды жана билимимди жумшайм деп убада берем», — деди ал.

Шакиевдин талапкерлигин «Элдик» депутаттар тобу, «Ишеним», «Ата-Журт-Кыргызстан», «Альянс» фракциялары сунушташты. Ал эми «Ыйман Нуру», «Ынтымак» жана «Бүтүн Кыргызстан» фракциялары төрагалыкка эч кимди көрсөткөн жок.

Бүгүн 5-октябрда Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов өз калоосу менен отставкага кетти. Ал парламенттин төрагалыгына 2020-жылдын 4-ноябрында, Канат Исаев кызматтан кеткенден кийин шайланган.

Нурланбек Шакиев деген ким?

Нурлан Шакиев 45 жашта. Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 1999-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин башкаруу адистигин бүтүргөн.

Шакиев NewTV телеканалынын директору катары белгилүү. Дал ушул телеканал 2019-жылы «жакшы» Курманбек Бакиев жөнүндө сюжетти эфирден кетирген. Сюжеттеги каармандардын бири мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевди Максим эмес, Манас деп атагысы келгенин, ал эми Курманбек Бакиевди жакшы жагынан көрсөтүп, «ал жакшы иштегенин» жана аны Кыргызстанда «сыйлашат жана жакшы көрүшөт» деп айткан.

Анда Нурланбек Шакиев сюжетти Бакиевдин классташтары тартканын айткан.

Шакиев Курманбек Бакиевдин командасында 2006-2009-жылдары иштеген. Алгач ошол кездеги президенттин администрациясына басма сөз катчы болуп келген, Бакиев тактан кулагандан бир жыл мурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

2009-жылы «ЭлТР» коомдук телеканалын жетектеген, бирок революциядан кийин кызматтан алынган. Ал эми бийлик алмашкандан кийин

2010-2011-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министри болгон.

2010-жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого «Республика — Ата-Журт» партиясы менен катышкан. Ал эми 2021-жылы Шакиев №17 Аксы шайлоо округунан депутат болуп келген.