Чек арадагы куралдуу жаңжал: Тажикстан Ак-Сайдын тургундарына 14 жылкы жана эки унааны кайтарды

Тажикстандын Ворух анклавынын милициясы Баткен облусундагы Ак-Сай айылынын тургундарына 14 жылкы жана эки унааны кайтарып берди. Маалыматты «Клоопко» Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Облустук администрациядан тараптар бул жаатта ишти улантышарын белгилешти.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

ӨКМдин алдын ала маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 432 турак жай, 285 сарай жана чарба курулушу, 6 мектеп, 6 бала бакча, 9 административдик имарат, 26 авто унаа жана башка 171 жашоо тиричилигин камсыздоо объектиси жабыркаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.

Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.