Депутат Бекешев: Жакында батирден чыгарылгандар Ак үйдүн алдында боз үй тиге башташат

Депутат Дастан Бекешев парламенттин 6-октябрдагы жыйынында батирлеринен чыгарылып жаткан өлкө жарандары тууралуу маселени көтөрдү. Орусияда мобилизация жарыялангандыктан Кыргызстанга массалык түрдө орус жарандары качып келип отурукташып жатканы белгилүү.

Бекешевдин айтымында, өлкө жарандары ижарага алып жашап аткан үйлөрүнөн чыгарылып жатканына байланыштуу Салык кызматынын реакциясы жетишсиз. Ал жергиликтүү студенттер үчүн жатаканаларды куруу керек деп эсептейт.

«Эмне үчүн чет өлкөлүк студенттерди дээрлик 100% жатакана менен камсыз кылабыз да өзүбүздүн студенттерди камсыз кыла албайбыз. Алар ижарага батир алышат, эми болсо чыгарып салып жатышат», — деди депутат.

Бекешев жакын арада митингге чыгып, Ак үйдүн алдына боз үй тигебиз деген жарандардан билдирүүлөр келип жатканын айтты. Эл өкүлү жарандардын билдирүүлөрүнө реакция кылуу керек деп эсептейт.

Буга чейин орусиялыктарды жайгаштыруу үчүн мурдагы тургундар батирлерден чыгарылып жатканына байланыштуу маселе боюнча президент Садыр Жапаров дагы оюн айткан. Ал New York Times гезитине курган маегинде, батирлердин ижара акысы кымбаттап, көбүрөөк акы төлөөгө даяр турган орусиялыктар үчүн батирлерден мурдагы жашоочуларды чыгарып салган учурлар катталганына карабастан орус жарандарынын келишинин Кыргызстанга жардамы гана тиет деген.

Орусияда мобилизация жарыяланганы тууралуу биринчи кабарлар айтыла баштагандан кийин эле бир жуманын Бишкекте батирлердин иражасы акысы кымбаттап кетти. Бул согуштан жашырынуу үчүн Орусиядан чыгып жаткан эркектердин Бишкекке массалык агымы менен байланыштуу.

Такталбаган маалыматтарга ылайык, Орусиядан коңшу өлкөлөргө 260 миңден ашык адам качкан, алардын көбү аскерге чакырылууга жарактуу курактагы эркек кишилер жана алардын үй-бүлөлөрү.

Дагы окуңуз: Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин Бишкекте батирлердин ижарасы 30%га кымбаттады