Жапаров: Кыргызстанга келген орусиялыктар экстрадиция болом деп коркпой эле койсо болот

Президент Садыр Жапаров Американын New York Times гезитине маек куруп, Орусияда мобилизация жарыялангандыктын улам Кыргызстанга качкан орус жарандары мекенине экстрадицияланат деп коркпой эле койсо болорун билдирди.

Интервьюда Жапаров бул Кыргызстан үчүн «жаңы көрүнүш» экенин моюндап, Орусиянын жарандары «бул жакка ээн-эркин келип иштей берсе болорун» кошумчалады.

Президент өлкөгө мобилизациядан качып канча орусиялык келгени тууралуу маалыматы жоктугун белгиледи. Жапаров батирлердин ижара акысы кымбаттап, көбүрөөк акы төлөөгө даяр турган орусиялыктар үчүн батирлерден мурдагы жашоочуларды чыгарып салуу учурлары катталганын карабастан орус жарандарынын келишинин Кыргызстанга жардамы гана тиет деп эсептейт.

«Биз эч кандай зыянын көргөн жокпуз, пайдасын гана көрүп жатабыз», — деди президент.

Орусияда мобилизация жарыяланганы тууралуу биринчи кабарлар айтыла баштагандан кийин эле бир жуманын Бишкекте батирлердин иражасы акысы кымбаттап кетти. Бул согуштан жашырынуу үчүн Орусиядан чыгып жаткан эркектердин Бишкекке массалык агымы менен байланыштуу.

Мисалы, баалар шаардын борборундагы батирлерге салыштырмалуу адатта бир топ арзан болгон Жал кичи районунда, бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы айына 40 миң сомго чыккан. Мындан батир жарыя берилери менен 5-6 сааттын ичинде ижарага берилген.

Тема боюнча: Салык кызматы салык төкпөй туруп турак жайын ижарага бергендер тууралуу кабарлап турууга чакырды

Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин Бишкекте батирлердин ижарасы 30%га кымбаттады

Бишкектин рдин ижара акысы 40 миң сомго чыктыайланасында бир бөлмөлүү бати