«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин башчысы 200 миң сом пара алып жатканда кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучусун 200 миң сом пара алып жатканда кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал жергиликтүү соттун төрагасынын карызга байланыштуу иштерин ачыктап, өлкө жетекчилигине чейин жеткирерин айтып коркуткан. Бул үчүн ал судьядан 3600 доллар талап кылып, 200 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Мекеменин басма сөз кызматынан кармалган жарандын үстүнөн мурда «Зордуктоо» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун белгилешти.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

ИИМ билим берүү министрин «ири өлчөмдө пара алууга» шектеп кармады