Жогорку Кеңеште «Мекенчил» деп аталган жаңы депутаттык топ түзүлдү

Жогорку Кеңеште 14 депутат «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан чыгып, жаңы депутаттык топ түзүштү. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

«“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери төрага болуп шайлангандыктан, депутаттар фракциядан чыгып, “Мекенчил” депутаттык тобун түзүштү», — деди ал.

Эл өкүлү учурда бул топко 14 депутат киргенин кошумчалады.

Ал эми депутат Жаныбек Абиров «Мекенчил» депутаттык тобунун лидери болуп Элмурза Сатыбалдиев дайындалганын билдирди.Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жаңы лидери болуп Бактыбек Сыдыков шайланганы белгилүү болду.

Буга чейин, 5-октябрда фракциянын лидери Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалган.

Нурланбек Шакиев деген ким?

Нурлан Шакиев 45 жашта. Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 1999-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин башкаруу адистигин бүтүргөн.

Шакиев NewTV телеканалынын директору катары белгилүү. Дал ушул телеканал 2019-жылы «жакшы» Курманбек Бакиев жөнүндө сюжетти эфирден кетирген. Сюжеттеги каармандардын бири мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевди Максим эмес, Манас деп атагысы келгенин, ал эми Курманбек Бакиевди жакшы жагынан көрсөтүп, «ал жакшы иштегенин» жана аны Кыргызстанда «сыйлашат жана жакшы көрүшөт» деп айткан.

Анда Нурланбек Шакиев сюжетти Бакиевдин классташтары тартканын айткан.

Шакиев Курманбек Бакиевдин командасында 2006-2009-жылдары иштеген. Алгач ошол кездеги президенттин администрациясына басма сөз катчы болуп келген, Бакиев тактан кулагандан бир жыл мурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

2009-жылы «ЭлТР» коомдук телеканалын жетектеген, бирок революциядан кийин кызматтан алынган. Ал эми бийлик алмашкандан кийин

2010-2011-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министри болгон.

2010-жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого «Республика — Ата-Журт» партиясы менен катышкан. Ал эми 2021-жылы Шакиев №17 Аксы шайлоо округунан депутат болуп келген.

Материалдын автору: Зулайка Эркимбаева.