«Эмоцияга алдырып койду». Жапаров Ташиевдин парламентке автомат алып келгени боюнча оюн айтты

Садыр Жапаров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуп турган шартта парламентке «эки жашик автомат алып келгени» боюнча оюн айтты. Президент «Кабар» агенттигине курган маегинде атайын кызматтын төрагасы «кичине ката кетиргенин» белгиледи.

«Депутаттар "Баткен бүтө электе маалымат бергиле" деп чакырышкан экен. "Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен" деген сөздөр болуп, "Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат" деген сындар болуптур. Анан "мына силерге автомат" деп алып барса керек. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди», — деди Жапаров.

Үстүбүздөгү жылы 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров «УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламентке эки жашик автомат алып келди» деп айтып сындаган.

Мадумаров муну «чектен чыккан жапайычылык» деп атап, депутаттар ар бир кыймыл-аракеттин мыйзамдуулугуна баа бериши керектигин эскерткен.

«Өлкөдө эле эмес, биздин Жогорку Кеңештин ичиндеги кырдаал жеңил эмес. Коопсуздук кызматынын жетекчиси (Камчыбек Ташиев - ред.) эки жашик автомат көтөрүп парламенттин ичине кирип келгени бул өтө чектен чыккан жапайычылык. Биз мыйзам чыгаруу органы катары ар бир кыймыл-аракеттин мыйзамдуулугуна сөзсүз түрдө баа беришибиз керек. Ага баа бере албасак анда Жогорку Кеңеш өз ишин аткара албады деп билишибиз керек», — деген Мадумаров.

Ал күнү парламент кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал боюнча маселени жабык караган болчу.

Тема боюнча:

Мадумаров УКМК башчысы парламентке «курал-жарак алып келгенин» айтты