Геология мамагенттигинин мурдагы кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (азыркы Жаратылыш ресурстары министрлигинин) мурдагы кызматкери мамлекетке 100 млн сомдон ашык зыян келтирген деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органы 6-октябрда шектүү катары ведомствонун мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысын жана мамлекеттик агенттиктин директорунун мурдагы орун басарын кармаган. Аткаминерлер Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларга «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

«2018-2019-жылдары алар чарба объектилеринин өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барышкан. Шектүүлөр калдыктардын зыяндуулугунун деңгээлин аныктоочу реагенттер боюнча маалыматтар жана документтерсиз, мыйзамды бузуп, калдыктардын кооптуулук категориясын эң төмөн деп көрсөтүшкөн. Ошондой эле алар айлана-чөйрөнүн булганганы үчүн төлөмдү азайтып, алтын казган башка компаниялардын ылайык келбеген документтерин жактырып, бекитишкен», – деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Учурда тергөө иши уланып жатат.