Кыргызстанга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келди

11-октябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келди. Алиевди «Манас» аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынан Жапаров менен Алиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат. Ошондой эле, президенттер “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептердин ачылышна катышат.

Ушул жылдын апрель айында Садыр Жапаров Азербайжанга расмий иш сапары менен барып, Алиев менен жолуккан. Анда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки тараптуу 10 документке жана келишимдерге кол коюлган, алардын катарында Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү декларация бар. Мындан тышкары, Жапаров Азербайжандын ири бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, аларды Кыргызстандын келечектүү долбоорлоруна, анын ичинде ГЭСке инвестиция салууга чакырган.

Ильхам Алиев 2003-жылдан бери Азербайжандын президенти. Ал бул орунга атасы Гейдар Алиевден кийин келген.

Азербайжандын президенти авторитаризм, шайлоолорду фальсификациялоо, масштабдуу түрдө эркиндикти чектөө, коррупция, адам укуктарын бузуу, анын ичинде саясий мотивдеги камоолор жана бийликтин атаандаштарын куугунтуктоо боюнча сынга алынып келет.

«Панамдык документтерден» тараган маалыматтарга ылайык, 2016-жылы иликтөөчү журналисттер Алиев өлкөнү башкарып турган мезгил ичинде «бүтүндөй офшордук империя» куруп алганын жазышкан. Бул документтерде Азербайжандын салык боюнча министри Фазиль Мамедов 2003-жылдан бери Алиевдердин үй-бүлөсү катышкан AtaHolding конгломератын кантип курганы көрсөтүлгөн. AtaHolding өлкөнүн банктык, телекоммуникация, курулуш, тоо-кен жана жаратылыш ресурстарына бай болгон нефтегаз тармактарында кызыкчылыктары бар компания.

2021-жылы иликтөөчү журналисттер Алиев жана анын үй-бүлөсү Улуу Британияда жалпы баасы 700 млн долларлык кыймылсыз мүлк сатып алганын аныкташкан. Журналисттер дүйнө жүзүндөгү офшордук компаниялар тууралуу 12 млн документти анализдеп чыккан «Пандоранын архиви» аталышындагы иликтөөнү жүргүзгөндөн кийин ушундай бүтүмгө келишкен.

«Панамдык документтерге» жооп кылып Азербайжандын президентинин басма сөз кызматы айыптоолор негизсиз экенин, жана президенттин туугандарынын бизнеси толугу менен ачык-айкын жана мыйзамдуу экенин билдирген. «Пандоранын архиви» иликтөөсүнө Алиев өзү реакция кылып, материал «Азербайжанды дискредитациялап, аны алсыратуу үчүн ойдон чыгарылгандарды жана жалган жалаа» колдонгон «батыштагы айрым күчтөрдүн» иши экенин айткан.