Санарип министрлиги: Кыргыз жарандыгын алууну каалаган орусиялыктардын саны төрт эсеге өстү

Украинадагы согуштун айынан Орусияда мобилизация жарыялангандан бери кыргыз жарандыгын алууну каалаган орусиялыктардын саны өскөнү байкалууда. Бул тууралуу 11-октябрда Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Садырбеков билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2022-жылдын январынан сентябрь айына чейин кыргызстандык болууну каалаган орусиялыктардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эсеге өскөн.

«Өткөн жылдын тогуз айында Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн 385 орусиялык документ тапшырган, ал эми 2022-жылы 1631 адам документин берген. Алардын ичинен: 2021-жылы 226 адам, ал эми 2022-жылы — 603 орусиялык жарандык алган», — деп билдирди Садырбеков.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2022-жылдын 9 айында Кыргызстанга келген 192 миң орусиялык каттоодон өткөн, 2021-жылдын ошол эле мезгилинде — 160 миң адам катталган болчу.

Садырбеков 9 айдын ичинде Орусиядан келген жарандардын саны 30%га өскөнүн белгилейт.

Орусиядан келген качкындардын агымы

Орусияда мобилизация тууралуу биринчи кабар чыккандан бери Бишкек Орусиядан келген качкындардын экинчи толкуну менен бет келип жатат.

21-сентябрда Орусияда Украина менен согушуп жаткан бөлүктөрдүн өздүк курамын толуктоо үчүн «жарым-жартылай мобилизация» жарыяланган.

Пентагондун маалыматына ылайык, август айынын башында эле Орусия өлгөндөр жана жарадар болгондорду кошкондо 70-80 миң адамын жоготкон. Ал эми Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 28-сентябрга карата маалыматы боюнча, алардын саны набыт болгондорду кошкондо 58 миңден ашкан. Орусия болсо алда канча аз санды айтууда.

21-сентябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус тараптын жоготуулары болгону 5 937 киши экенин билдирген. Шойгу 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизацияга запаста турган 300 миңге жакын адам чакыртыларын билдирген. Бирок Meduza басылмасынын маалыматына ылайык, Орусия 1,2 млн адамды мобилизация кылууну көздөйт. Анткен менен орус бийлиги бул планын четке кагып келет.

Орусиялыктардын массалык келишинен улам, Кыргызстанда батирдин ижара акысына болгон баа өсүп жатат. Шаардын четиндеги бир бөлмөлүү батирлер Москвадагыдай баа менен берилгенине карабай жарым күндө илип кетишүүдө.

Экономика илимдеринин доктору Төлөн Абдыров качкындар келип жатканда баалар кызмат көрсөтүү рыногундагы баардык сегменттерде өсө берет деп эсептейт.