«Көбү этникалык кыргыздар же теги кыргызстандыктар». Жарандык алган орусиялыктар тууралуу

2022-жылдын тогуз айында 603 орус жараны Кыргызстандын пастортун алды. Бул тууралуу 11-октябрда Санарип өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Садырбеков билдирди.

Санарип министрлигинин басма сөз кызматынан «Клоопко» Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялыктардын көпчүлүгү — этникалык кыргыздар жана мурда Кыргызстанда төрөлгөндөр экенин такташты. Бирок мекеме алардын так санын ачыктаган жок.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 9 айында кыргыз жарандыгын алуу үчүн 1631 орусиялык документ тапшырган. 2021-жылы ушундай эле убакыт аралыгында болгону 385 орусиялык кыргыз жарандыгын алууга документ тапшырып, 226 киши жарандык алган.

Тогуз айдын ичинде Орусиядан келген жарандардын санын өсүшү 30%ды түзгөн. Ошентип, ушул жылдын 9 айында Кыргызстанда 192 миң орусиялык каттоодон өткөн, 2021-жылы болсо — 160 миң киши.

Орусиядан келген качкындардын агымы

Орусияда мобилизация тууралуу биринчи кабар чыккандан бери Бишкек Орусиядан келген качкындардын экинчи толкуну менен бет келип жатат.

21-сентябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус тараптын жоготуулары болгону 5 937 киши экенин билдирген. Шойгу 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизацияга запаста турган 300 миңге жакын адам чакыртыларын билдирген. Бирок Meduza басылмасынын маалыматына ылайык, Орусия 1,2 млн адамды мобилизация кылууну көздөйт. Анткен менен орус бийлиги бул планын четке кагып келет.

Айрым орусиялыктар мобилизация жарыяланганга чейин эле өлкөдөн чыгып кете башташкан — Орусияга салынган экономикалык санкциялар жана орус бийлигинин кысымынан улам.

Орусиялыктардын массалык келишинен улам, Кыргызстанда батирдин ижара акысына болгон баа өсүп жатат. Шаардын четиндеги бир бөлмөлүү батирлер Москвадагыдай баа менен берилгенине карабай жарым күндө илип кетишүүдө.

Экономика илимдеринин доктору Төлөн Абдыров качкындар келип жатканда баалар кызмат көрсөтүү рыногундагы баардык сегменттерде өсө берет деп эсептейт.Тогуз айдын ичинде Орусиядан келген жарандардын санын өсүшү 30%ды түзгөн. Ошентип, ушул жылдын 9 айында Кыргызстанда 192 миң орусиялык каттоодон өткөн, 2021-жылы болсо — 160 миң киши.