Активист Атай Бейшенбек президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков менен жеке маегин Фейсбук баракчасына чыгарды. Анда активисттин Өзбекстан тууралуу постунун алдына чагымчыл комментарийлерди жазып, камоо керектиги тууралуу жазылган. Ал эми Орунбеков активист маалыматты бурмалап чыгарып салганын айтты.
Эмне болду?
«Түндө кызык окуя болду, Ватсап номериме, 3-октябрда жазып, 10-октябрда чалган номурдан төмөнкүчө кат келди. Эң кызыгы сүрөттү "переслать" кылган, а текстти өзү жазган [...]. Бул номер, президенттин маалымат саясатын жүргүзгөн эң башкы адам — Дайыр Орунбековго таандык [...]», — деп жазган ал.
Активист «Клоопко» бүгүн таң эрте Орунбековдун өзү менен кезигип, сүйлөшкөнүн айтып, бирок ал бул аракетин далил менен түшүндүрүп бере албаганын билдирди.
«Башкаларга буйрук берип, жөнөтөм деп атып мага адашып жөнөтүп алган. Мага жибергенде түнкү саат 23:00дөн кийин мен “ошенткиле” деп жазганда эч нерсе дебей, эртең менен “деп жатышат” деп жооп берген. Мен аны менен жолугуп сүйлөшсөм, менин постумду ага бирөө жөнөтүптүр. “Мага чалып айтышкан”, — дейт. Атын айткыла десем аны дагы айта алган жок», — деди ал.
Ошондой эле, ал президент Садыр Жапаровго маалымат саясатына тез арада көңүл бурууга жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен Ички иштер министри Улан Ниязбековго чагымчылдык ким тарабынан уюштурулганын аныктоого чакырды.
Атай Бейшенбектин постунда эмне делген?
Активист буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, чек ара маселесин эл менен ачык талкуу кылып, чечүүнү талап кылган.
«Коомчулуктун бир гана талабы бар, ал биздин бийликтин чек ара маселесинде жергиликтүү эл менен макулдашуу жолдору менен гана ачык айкын чечүүгө баруу. Чек ара маселесинде талкуу болуп жаткан жагдайлар сиздин саясий ишмердүүлүгүңүзгө же болбосо коңшу Өзбек элине каршы эмес, ички гана чечим кабыл алуудагы маанилүү болгон кеңешүү, ачыктыкты талап кылган максатты көздөйт. Шавкат Миромонович, сиз билесиз элге так жана туура маалымат жетпесе ар кандай нааразычылыктар жаралат», — деп жазган ал.
Ошондой эле, ал бул билдирүүсү Мирзиёевдин саясий ишмердүүлүгүнө жана өзбек элине каршы максатты көздөбөгөнүн белгилеген.
Орунбековдун жообу
Ал эми Дайырбек Орунбеков активисттин жазгандарына жооп берип, Атай Бейшенбек маалыматты «бурмалап, өзүнө керектүү» гана жерин чыгарганын билдирди.
«Атай, обу жоктонбо. Чалса жооп бербейсиң, “эки элдин мамилесин бузуп жатат, камап салбайсыңарбы” деп ар ким кайрылып баштады. Бул экөөбүздүн ортобуздагы жазышуу болчу. Башка маселеде популисттик чакырыктар менен өзүнө көңүл бурдурса мейли, абдан маанилүү саясатка аралашып, сүйлөшүүнүн натыйжасына терс таасирин тийгизгенге аракет кылгандарды, аша чапкандык деп эсептейм. Атай менен мурда тааныш катары гана айрымдардан ушундай мазмундагы каттар келип атат деген маанайда жеке өзүнө жазгам», — деди Орунбеков.
Орунбеков активист Өзбекстандын президентинин чечимдерине чейин кийлигишип жатканын айтты.
«Бизге акыл үйрөткөнү жетишпей жаткансып, өзбек кошуналарга чейин кийлигишкенге өтүштү. Мындай кесепеттүү аракеттер албетте сүйлөшүүгө терс таасирин тийгизе турганын белгилейм. Активисттин Өзбекстандын ички саясатына аралашып, сунуш берүүсү, акыл үйрөтүүсү – өзбек элин алардын бийлигине каршы үгүттөө деп эсептейм», — деди ал.
Мындан сырткары, ал Жапаров менен Ташиев Өзгөн районуна барып, элге маалымат берип келээрде Атай Бейшенбекке дагы чогуу барып келүү үчүн сунуш бергенин айтып, бирок активист барбай койгонун белгиледи.
Орунбеков президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинде укук коргоо органдарына буйрук бере турган ыйгарым укуктары жок экенин кошумчалады.
Атай Бейшенбек
Атай Бейшенбек коомчулукка активист катары белгилүү. Ал социалдык тармактар аркылуу бийликти, Бишкек шаарынын мэринин ишин сынга алып келет. Акыркы убактарда чек ара маселелери тууралуу пикир жазып, бийликтен Кемпир-Абад боюнча документтерди ачыкка чыгарууну талап кылып жаткан.
Ал буга чейин Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө эки сааттан ашык сурак берип, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат жазып берген соң бошотулган.
Маалыматка караганда, ал 2019-жылы Айыл чарба министрлигинин сайтын жасоого катышкан, иш 200 миң сомго бааланган, кийин сайт ишке кирбей калган.
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талаштар
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы.
Эки өлкөнүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы атайын тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга калганын билдирген. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.
Ошентип, Ташиевдин айтымында, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын — 4 485 га аймагы, ошондой эле плотинасы калат. УКМКнын төрагасынын айтымында, анын ордуна чек арадагы райондордогу бир нече талаштуу тилкелердеги 19 миң 699 гектар жер Кыргызстанга өтөт.