«Акынжы биздики». Ташиев «Байрактар» учкучсуз учактары менен түшкөн сүрөт жарыялады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук барагына «Байрактар Акынжы» (Bayraktar Akıncı) учкучсуз учактарынын жанында түшкөн сүрөт жүктөп, «”Акынжы” биздики! Боордош элибизге ыраазычылык!» деп жазды.

Камчыбек Ташиев «Байрактар Акынды» учкучсуз учактары. Сүрөт: Ташиевдин Фейсбук барагынан.

Кыргызстан бул учактарды сатып алганбы же жокпу белгисиз. УКМК дагы, президенттин администрациясынан дагы, башка мамлекеттик мекемелер да бул боюнча расмий билдирүү кыла элек.

Сүрөттөрдүн биринде Ташиев учкучсуз учактарды чыгарган түркиялык Baykar компаниясынын башкы директору Халук Байрактар менен турат.

Халук Байрактар менен Камчыбек Ташиев. Сүрөт: Ташиевдин Фейсбук барагынан.

«Байрактар Акынжы» — бул түркиялык чабуул коюучу учкучсуз учактар, аны Түркия 2021-жылы куралданууда пайдалана баштаган.

Кыргызстанда Baykar компаниясы чыгарган учактар буга чейин да бар болчу — «Байрактар TB2». Алар Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө 2021-жылы кошулган. Президенттин басма сөз кызматынан алар республикалык бюджеттеги каражатка сатып алынганын билдиришкен, бирок канча «Байрактар» сатылып алынганын жана ага канча каражат коротулганы ачыкталган эмес. Кийинчерээк батыштык маалымат булактарында Кыргызстан Түркиядан үч даана учкучсуз учак алганы тууралуу маалыматтар пайда болгон.

Мурдараак Тажикстан сентябрдын ортосунда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ири масштабдуу куралдуу кагылышта Кыргызстан учкучсуз учактарды колдонду деген. Кыргыз тарап бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да эмес.