15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча элдик курултай өттү. Аны түз эфирде чагылдырганы барган «Клооп» жана «Т-Медианын» журналисттеринин мобилдик интернети иштебей калды.
«Клооптун» кызматкери түз эфир берип жаткан учурда фейсбук барагы кулпуланып, андан соң интернети начарлап кеткенин белгиледи.
Ал инстаграм барагы аркылуу түз эфирге чыгууга аракет кылган. Бирок мобилдик интернети начар иштеп, берүүнү токтотууга туура келди.
«Т-Медиа» телерадиокомпаниясынын өкүлү жалпы төрт кызматкердин интернети иштебей калганын айтты — алардын үчөөсү 4-октябрда президент уюштурган Өзгөндөгү жолугушууга барган.
«Бүгүн Өзгөнгө барган журналисттер мурда дагы барган болчу. Алар интернети иштебей калганын айтышты. Ал жактан [интернет аркылуу] бизге байланыша албай, телефон чалышты. Телефон байланышы иштеп жатат, бирок интернети иштеген жок. Мурда Өзгөндөгү [президенттин] жолугушуусуна барган дагы бир журналист Ошто эле болду. Бирок, анын да интернети кайсы бир убакка чейин иштебей калды», — деп белгиледи ал.
«Т-Медианын» өкүлү өзүнүн интернетинин иштебей калганын фейсбук баракта администратор экени менен түшүндүрдү. Аны менен катар, ал фейсбук аккаунту ачылбай жатканын кошумчалады.
Ошондой эле «Клооптун» 4-октябрдагы президенттин Өзгөндөгү жолугушуусуна барган башка журналистинин дагы интернети иштебей калды.
Өзгөндөгү түз эфирлердин өчүрүлүшү
4-октябрда Өзгөн райондук администрациясында Кемпир-Абадка байланыштуу жабык жыйын өткөн. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катышкан.
Жыйынга чогулган элдин дээрлик жарымынан көбү жана журналисттер киргизилген эмес — муну имараттын тардыгы менен түшүндүрүшүп, алар экинчи этап менен кабыл алынаарын айтышкан. Ошондой эле жыйынга катышкандардын имараттын киришинде телефондору алынган.
Жыйындан түз эфирге чыккан «Клооп» басылмасы жана «Т-Медиа» телерадиокомпаниясынын видеолору жеринде жүргөн журналисттердин фейсбук барагына чабуул жасалып, өчүрүлгөн.
Кемпир-Абад боюнча жыйынга кирбей калган тургундар президент Садыр Жапаров жана аны менен чогуу келген бийлик өкүлдөрү «сыртка чыксын» деп талап кылышкан. Бирок алардын талабы аткарылган эмес. Андан кийин сыртта калган элди жыйынга чакырышкан, бирок айрым жергиликтүүлөр да имаратка кирүүдөн баш тартышкан.
Кемпир-Абад маселеси
Кыргыз-өзбек чек ара арасынын жалпы узундугу 1 378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 1 170и же 85% такталган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз талаштуу аймак бар. Ал аймактардын бири — Кемпир-Абад суу сактагычы. Суу сактагыч Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун Өзбекстан менен чек арасында жайгашкан.
Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациясы 2022-жылдын 26-сентябрында өлкөлөр ортосундагы чек арадагы атайын тилкелер боюнча долбоорлорду макулдашуу боюнча процедураларды баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан.
10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун жактырган.
Добуш берүүгө чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев отурумда эки өлкө чек ара боюнча кандай макулдашууларга жетишкенин айтып берген. Ошондой эле, Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга калганын билдирди. Ошол эле учурда, ал суу сактагычты эки өлкө тең 50/50 пайдаланат деп ишендирген.
Бирок, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекчиси Мамбетжунус Абыловдун айтымында, бул аймактар мурда эле Кыргызстандын жери болгон. Ошентип, ал бул жерлердин кайсыл бир бөлүктөрү райондук деңгээлде убактылуу пайдалануу үчүн Өзбекстанга берилгенин айтты.
Комитеттин 10-октябрдагы отуруму Өзгөндө да, Бишкекте да нааразычылык митингдери менен коштолду. Өзгөн районундагы нааразы эл эгер суу сактагыч Өзбекстанга өтө турган болсо «катаал чараларга барууга даярбыз» деп айтышты.