Бажы кызматы: «Манас» аэропортунан Пакистандан мыйзамсыз алынып келинген учак табылды

«Манас» эл аралык аэропортунан Пакистандан мыйзамсыз алынып келинген учак табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, ИЛ-76 учагы 2020-жылдын 14-декабрында Рахимярхан (Пакистан) – Бишкек каттамы аркылуу Кыргызстанга алынып келинген. Бажы кызматы учак кайсыл компанияга таандык экенин ачыктаган жок.

«Бул учак боюнча бажы операциялары жана бажы мыйзамдарындагы жол-жоболорго ылайык жайгаштыруу жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада мамлекетке 10 млн 637 миң 983 сом зыян келтирилген», — деп белгилешти мекемеден.

Бажы кызматы учак Евразиялык экономикалык биримдигинин мыйзамдарын бузуу фактысын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча текшерүүнүн натыйжасында табылганын кошумчалады.

Мекемеден бул факты Мамлекеттик бажы кызматына каттоого алынып, иш Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин белгилешти.

Тема боюнча:

«Эйр Кыргызстандагы» коррупция. УКМК Эсептөө палатасынын эки кызматкерин кармады

Өкмөт эки аэропорт түрк компаниясына берилсе жылдык кирешесин эки эсе көбөйтүүнү убадалады